Тоодой бешбармак, 117 метрлик чучук. Шилекейди агызган сүрөттөр

Жазылуу
Жекшемби күнү Бишкек шаарында 40 ашпозчу тогуз жылкынын этинен бир тоннадан ашык бешбармак даярдады

"Аю гранд комфорт" соода борборунун алдында өткөн иш-чаранын негизги максаты — бешбармакты Гиннестин рекорддор китебине киргизүү.

Бишкекте даярдалган бир тонна бешбармак - Sputnik Кыргызстан
Бешбармак менен чучукту Гиннеске каттоо боюнча жооп качан келет
12 казанга бышкан тогуз жылкынын этинен бешбармак жасоо үчүн 40 ашпозчу жана 30 жардамчысы эки күн бою аракетте болушту.

Эске салсак, алгач активисттер иш-чараны шаардын борбордук аянтында өткөрүүгө ниеттенишкен. Бул жерде каалоочулардын баары даярдалган тамактан ооз тие алышмак. Бирок шаар муниципалитети санитардык нормалар менен коопсуздук чараларынан улам "Ала-Тоо" аянтына өткөрүүгө тыюу салган.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлгач активисттер иш-чараны Ак калпак күнүнө карата шаардын борбордук аянтында өткөрүүгө ниеттенишкен. Бирок шаар муниципалитети санитардык нормаларга карап макул болгон эмес
Алгач активисттер иш-чараны Ак калпак күнүнө карата шаардын борбордук аянтында өткөрүүгө ниеттенишкен. Бирок шаар муниципалитети санитардык нормаларга карап макул болгон эмес - Sputnik Кыргызстан
1/15
Алгач активисттер иш-чараны Ак калпак күнүнө карата шаардын борбордук аянтында өткөрүүгө ниеттенишкен. Бирок шаар муниципалитети санитардык нормаларга карап макул болгон эмес
© Sputnik / Табылды КадырбековТогуз жылкынын этин биринчи күнү бышырып алып, кесмесин эртеси күнү даярдашты
Тогуз жылкынын этин биринчи күнү бышырып алып, кесмесин эртеси күнү даярдашты - Sputnik Кыргызстан
2/15
Тогуз жылкынын этин биринчи күнү бышырып алып, кесмесин эртеси күнү даярдашты
© Sputnik / Табылды КадырбековБешбармактын кесмеси ичке тууралышы керек
Бешбармактын кесмеси ичке тууралышы керек - Sputnik Кыргызстан
3/15
Бешбармактын кесмеси ичке тууралышы керек
© Sputnik / Табылды КадырбековТууралган эт менен шорпого бышкан кесмени аралаштырганда гана даамду бешбармак даяр болот
Тууралган эт менен шорпого бышкан кесмени аралаштырганда гана даамду бешбармак даяр болот - Sputnik Кыргызстан
4/15
Тууралган эт менен шорпого бышкан кесмени аралаштырганда гана даамду бешбармак даяр болот
© Sputnik / Табылды КадырбековБир тоннадан ашык бешбармакты даярдоого 40 ашпозчу катышты
Бир тоннадан ашык бешбармакты даярдоого 40 ашпозчу катышты - Sputnik Кыргызстан
5/15
Бир тоннадан ашык бешбармакты даярдоого 40 ашпозчу катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековАлгач 110 метрлик чучук жасоо пландалганы менен кийин ченей келгенде анын узундугу 117 метрге жетти
Алгач 110 метрлик чучук жасоо пландалганы менен кийин ченей келгенде анын узундугу 117 метрге жетти - Sputnik Кыргызстан
6/15
Алгач 110 метрлик чучук жасоо пландалганы менен кийин ченей келгенде анын узундугу 117 метрге жетти
© Sputnik / Табылды КадырбековТоодой беш бармактын жасалышын көрүп, ооз тийгиси келгендер абдан көп болду
Тоодой беш бармактын жасалышын көрүп, ооз тийгиси келгендер абдан көп болду - Sputnik Кыргызстан
7/15
Тоодой беш бармактын жасалышын көрүп, ооз тийгиси келгендер абдан көп болду
© Sputnik / Табылды КадырбековТогуз жылкынын эти 12 казанга бышырылды
Тогуз жылкынын эти 12 казанга бышырылды - Sputnik Кыргызстан
8/15
Тогуз жылкынын эти 12 казанга бышырылды
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыздар илгертеден жигитти эт тууратып сынаган
Кыргыздар илгертеден жигитти эт тууратып сынаган - Sputnik Кыргызстан
9/15
Кыргыздар илгертеден жигитти эт тууратып сынаган
© Sputnik / Табылды КадырбековГиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү катышкан иш-чарада тазалыкка чоң маани берилди
Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү катышкан иш-чарада тазалыкка чоң маани берилди - Sputnik Кыргызстан
10/15
Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү катышкан иш-чарада тазалыкка чоң маани берилди
© Sputnik / Табылды КадырбековАшпозчуларга 30дай адам кол кабыш кылды
Ашпозчуларга 30дай адам кол кабыш кылды - Sputnik Кыргызстан
11/15
Ашпозчуларга 30дай адам кол кабыш кылды
© Sputnik / Табылды КадырбековТаразанын үстүнө коюлган чоң табакта аралаштырылып жаткан бешбармак
Таразанын үстүнө коюлган чоң табакта аралаштырылып жаткан бешбармак - Sputnik Кыргызстан
12/15
Таразанын үстүнө коюлган чоң табакта аралаштырылып жаткан бешбармак
© Sputnik / Табылды КадырбековЧыксыз бешбармакты элестетүүгө болбойт
Чыксыз бешбармакты элестетүүгө болбойт - Sputnik Кыргызстан
13/15
Чыксыз бешбармакты элестетүүгө болбойт
© Sputnik / Табылды КадырбековТаразага тартканда тамактын салмагы бир тонна эмес, 1464 килограмм болуп кетти
Таразага тартканда тамактын салмагы бир тонна эмес, 1464 килограмм болуп кетти - Sputnik Кыргызстан
14/15
Таразага тартканда тамактын салмагы бир тонна эмес, 1464 килограмм болуп кетти
© Sputnik / Табылды КадырбековТамагыңар таттуу болсун!
Тамагыңар таттуу болсун! - Sputnik Кыргызстан
15/15
Тамагыңар таттуу болсун!
Жаңылыктар түрмөгү
0