Паяндос, чач өрүү, өпкө чапмай. Аймактардагы ооз ачырган 10 каада

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүФестиваль народного и прикладного искусства "Кыргыз Шырдагы"
Фестиваль народного и прикладного искусства Кыргыз Шырдагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли каада-салтка бай калк эмеспи. Өлкөнүн кайсы аймагына барба ар бир облус, район айыл болобу алардын өзгөчө салттары болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн жети облусунда азыркы убакытка чейин колдонулган өзгөчө каадаларды чогултту. Аларды бизге Талас облусунун Манас районунун тургуну Айчүрөк Эргешова, Ош облусунун тургуну Гүлайым Акынбекова, Нарын облусунун жашоочусу Айымбүбү Кожониязова айтып берди.

Чач өрүү. Бул кааданы Нарын облусунда келин алган үй-бүлөнүн дээрлик бардыгы колдонот. Кааданын мааниси — илгери кыз күйөөгө узаарда беш көкүл чачы экиге өрүлүп шөкүлө кийгизилчү. Келин алып жаткан тарап дагы кыздын эми келин болгон белгиси кылып чачын өрүп, ак жолтой, очор-бачарлуу бүлө болсун деп чачын сары майлап өрүп, учуна ак кебез байлап коюшат. Анын чачын бир жагынан өкүл апасы, экинчи жагынан төрөп түшкөн, очор-бачарлуу аялга ырымдап өрдүрүшкөн. Андан соң өкүл апасы даярдап келген чачыла чачылып, той уланат.

Чач өрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Узун чач – ырыскы, кыркылган чач – шылдыӊ, жайылган чач – аза
Өпкө чапмай. Жаңы үйлөнгөн жаш жубайларга өпкө чабуу салты Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облусунда бар. Келин келгенден кийин тууган-уруктун арасынан кадыры арткан байбиче эки жашты отургузуп далысына өпкө чабат. Кан чачырабасын деп эки жаштын башы-көзүн жабылат. Талас тараптын эли ал өпкөнү кайра бышырып жей берет. Ал эми түштүк аймактарда чабылган өпкөнү "башыңарга жамандык келбесин" деп төрткө бөлүп төрт тарапка ыргытып жиберишет. Каада эки жаштын башына келчү жамандык ошол өпкө менен чыгып кетсин дегенди түшүндүрөт.

Паяндос. Паяндос — бул кызды алганы келген күйөө бала менен куда тарапка салынуучу килем. Бул каада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кеңири колдонулат. Кыз узатып жаткан тарап кудалар келгенде атайын паяндос даярдап коет да босогону аттаарда күйөө балага өзүнчө, улуу кудаларга өзүнчө төшөйт. Бул учурда күйөө бала тарап килем салгандарга сөзсүз акча кыстарышы керек. Күйөө баланын көрүндүгүн жаш жеңелер алса, кудалардыкы улуу жеңелерге берилет.

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
От көзөбөйт, белекке бербейт! Бычакка байланыштуу 7 "болбойт"
Себет, күйөө балага төшөк. Кызды үйүнөн кол менен алып кетип жаткан күйөө бала жаштар отурган үйдүн төрүнө өткөрүлүп, алдына кайын-журту даярдаган килем, төшөктөр салынат. Бул — отурган жоро-жолдошторунун ичинен күйөө баланын ордун көрсөтүү. Кетээрде ал төшөк, килемди баланын достору "биз да үйлөнөлү" деп бөлүп алышат. Ошондой эле атайын таттуу, нан салынган эки себет жасалып, бири күйөө баланын досторуна, экинчиси улуу кудалардын алдына коюлат. Колунда барлар себетке кой-козу да кошот. Ошондой эле кыз менен баланын белине "никеңер бузулгус, кармашкан колуңар бекем болсун" деген мааниде жоолук байланат.

Түштөндүрүү, кол чайкаар. Бул үрп-адаттар Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында куда тоскондо колдонулат. Анда той өткөрүп жаткан үй ээсинин туугандары же теңтуштары келген куданы өз үйүнө чакырып коноктосо түштөндүрүү болот, ал эми куда тосуп жаткан адамдын үйүнөн эле этин тартып, таттуусун ал кол чайкаар болуп эсептелет. Мында сөзсүз бирден козу же кой союлат.

Жан баштык. Жан баштык — эки тарап бири-бирине чоң кудага бараарда жасап барчу белектер куржуну. Аны ар ким өзүнүн шартына ылайык жасайт. Келин алган тарап адеп кудага бараарда жан баштык даярдап барат. Аны куда тоскон тараптын бир келини алат да кийин кыздын себин жеткиргенде өзүнчө куржун даярдап барат. Жан баштыкка негизинен бир козунун бүт же жарым эти, боорсок, таттуу-тарапа, ичимдиктин түрү жана ар кандай белек-бечекетер салынат. Мындай каада көбүнесе Нарын тарапта колдонулат. Ушул эле Нарын менен Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында кудага барганда "конок катуу" деген да каада бар. Узап жаткан куданын бирин уурдап үйгө киргизип коюшат, узап жаткандар акча берип аны алып кетиши зарыл.

Чуңкурчак капчыгайындагы этнофестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк урсун, Жер урсун, Ант урсун... Ант урабы же урбайбы?
Карчыга тартуу. Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун элинде куда тосоордо карчыга тартуу деген каада бар. Анда атайын бир койдун этин алып, анын ичинде сөзсүз карчыгасын кошуп конокко келе жаткан чоң куданын алдынан тосуп чыгышат. Жолдон ошол этти тартып, коноктор менен бир сыйра таанышып алып анан үйгө алып келишет.

Жүгүнүү. Көлдүктөрдүн башка облустардан дагы бир айырмачылыгы келиндер өзүнөн улуу адамга улгайып калгычакты жүгүнөт. Мисалы 50гө чыккан аял алдынан өзүнөн улуу 70 абышка-кемпир чыкса да ийилип салам берет.

Тергөө. Тергөө салты бардык эле аймакта бар. Бирок Ош, Жалал-Абад, Баткен тарапта келин бешиктеги баланы да атынан айтпай тергейт. Башкача айтканда, келин болуп барганга чейинкинин баарын тергеп, келин болуп баргандан кийин төрөлгөндөрдү өз атынан чакырат. Бул аларга болгон сый мамилени түшүндүрөөрүн жергиликтүү тургундар белгилешти.

Плов дарядоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казанды теппейт, үбөлүктү тике койбойт. Идиш-аякка карата 10 "болбойт"
Килем жабуу. Талас облусунда жамандык болгондо килем жабуу деген салт бар. Куда-сөөк же тууган-урук болобу "каза болгон адамга жабылсын" деген мааниде жаңы килем алып барышат. Жакынын жоготкон үй-бүлө чогулган килемди жаназасын окуган молдого, мүрзөсүн казган адамга жана сөөк жуугандарга берет. Тууган-урук, күйөөдөгү кыздарына да таратып, калгандарын өздөрү алып калат. Бул салт Таластын айрым аймактарында азыр деле колдонулса, кээ бир жерлерде калып келе жатат.

Кыргызда илгертеден жашоо-турмушка ылайыкташкан салттык мыйзамдар болгон. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдардан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0