Сууктун мизи кайтабы? Бүгүн күндүз аба ырайы кандай болот

Жазылуу
Жекшемби күнү аба ырайы суук бойдон сакталат

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бүгүн аба ырайынын сууктугу Чүй, Нарын жана Талас облустарында ошол бойдон сакталарын Кыргызгидромет билдирди.

Бишкекте күндүз сууктун күчү —18 градуска чейин жетет. Ал эми Ош шаарында термомерт нөлдөн 3 градус төмөн градусту көрсөтөт.

Чүй жана Талас өрөөнүндө күндүзү —13…-18 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында —6 градус суук болору айтылды.

Ысык-Көлдө күндүз 9 градуска чейин төмөндөсө, Нарында ызгаар —18 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0