Эл аралык мелдеште жалпысынан 12 беттеш болду. Анда Кыргызстандын "Жаш-Күч" жана Чеченстандын "Ахмат" спорттук клубдарынын мелдештик жолугушуусу болуп, мушкерлер 4Х4 форматында беттешти. Тагыраагы, эки клубдан төрттөн, жалпы 8 мушкер күч сынашты. Анын жыйынтыгында кыргызстандык "Жаш-Күч" клубу 3:1 эсебинде жеңишке жетип, мыкты аталды.
Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Мыктыбек Мамасалиев менен украиналык Юрий Проценко JFC уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салышып, тилекке каршы, Мамасалиев атаандашынан "муунтуу ыкмасынын" негизинде утулуп калды.
Эл аралык турнирге Орто Азия, Украина, Россиянын спортчулары катышты.

Беттеш үч раунддан турат. Ар биринин ортосундагы бир мүнөттүк тыныгууну сулуу бийкечтер жар салып жатты

Кыргызстандык Дарханбек Эргешов менен украниналык Андрей Белыктын күч сынашы

Казакстандык Бахтияр Несипбек менен кыргызстандык Абдибаит уулу Айдарбектин кармашуусунан ирмем

Залдагы эл кылкылдап турган учур. Өзгөчө кыргызстандык мушкерлер октагонго чакырылганда спорт сарайы жарылып кете жаздады

Абдубаит уулу Айдарбек казакстандык атаандашы Бахтияр Несипбек менен партерде

Кыргызстандык Жыргалбек Эмилбеков тыныгуу маалында

Чеченстандык мушкер Ибрагим Бахромов. Ал атаандашы Бахтияр Тойчубаевден мурунга жеген

Чеченстандын "Ахмат" жана Кыргызстандын "Жаш-Күч" спорттук клубдарынын мелдештик жолугушуусу. "Кара жолборс" каймана аты менен таанымал Бахтияр Тойчубаев чеченстандык атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды

Чеченстандык Али Мургулчиев менен кыргызстындык Орозбек Мариповдун кыл чайнашы

Жеңилүү ызасын тарткан Али Мургулчиев

Чеченстандын "Ахмат" жана Кыргызстандын Жаш-Күч" спорттук клубдарынын мелдештик жолугушуусунда кыргызстандык клуб 3:1 эсебинде утту

Абдубаит уулу Айдарбек буту менен сокку узатып жатат

Кыргызстандык Белек Абдижапаров Чеченстандан келген Мурад Идрисовду техникалык нокаут менен жеңип алды

Кеченин башкы беттешине чемпиондук кур үчүн "Ак аюу" каймана аты менен белгилүү Мыктыбек Мамасалиев чыгып келет жатат. Залдагы элдин маанайын сөз менен жеткирүү кыйын

Мамасалиев беттешти башында кызуу баштап, атаандашын бир нече жолу муштаганга жетишти

"Ак аюу" Мамасалиев бокс боюнча чебер болгондуктан, буга чейинки беттештеринин баарын нокаут менен уткан

Проценко жеңишке жетти. Ал кыргыз мушкери Мамасалиевди партерге жыгып туруп, муунтуу ыкмасы менен утуп алды

Ошентип украиналык Юрий Проценко JFC ММА-2017 турниринин чемпиону аталды
