00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
15:08
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:10
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Лейлек: шайлоодо иштеген 220 оператор эмгек акысын ала албай убара

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы операторлор. Архив
Шайлоо участогундагы операторлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоо учурунда оператор болуп иштегендердин кызмат акысын жергиликтүү бийлик төлөп бермек

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо Лейлек районундагы шайлоо участкаларында оператор болуп иштегендер азыркыга чейин эмгек акысын ала албай жүргөнүн айтып, Sputnik Кыргызстан агенттигине Канжар Орозалиев кайрылды.

Орозалиев аталган райондун Катраң айыл өкмөтүнө караштуу Баул айылындагы №8040 шайлоо участкасында иштеген. Алар келгендердин биометрикалык маалыматын текшерип, шайлоочулардын тизмесинде бар-жогун тактап, добуш берүүгө укуктуу деген чек берип турушкан.

"Шайлоонун алдында айыл өкмөт менен келишим түзүп, үч күн оператор болуп иштегенбиз. Ал үчүн 6200 сомдон эмгек акы төлөп берүү макулдашылган. Бирок шайлоодон кийин райондук администрацияга барсак "бухгалтер жумушта жок же Бишкекке кеткен" деп артка кайтарууда. Банктык картабыздын реквизиттерин бергенибизге төрт апта болду", — деди Орозалиев.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынан эмгек акы аймактык шайлоо комиссиясынан берилери айтылган.

Бирок Лейлек райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Кочкорбай Сатаров акчаны Мамлекеттик каттоо кызматы төлөй турганын билдирди. Ал эми Мамкаттоонун маалымат кызматы муну четке кагат.

Жалал-Абад шаарынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин жумушчулары нааразычылык акциясына чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда маянасын ала албаган кызматкерлер митингге чыгышты
"Биз Бишкек шаарындагы операторлордун гана эмгек акысын төлөп беребиз. Аймактагыларга Каржы министрлиги тарабынан акча бөлүнөт. Алар район жана облус жетекчилигине барып ала алашат", — дешти Мамкаттоонун кызматкерлери.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Лейлек райондук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Акжол Жоомартов менен байланышканда айрымдарынын банктык реквизиттери так болбогондуктан эмгек акылары кечигип жатканын айтып берди.

"Райондун аймактарындагы шайлоо участкаларында иштеген 220 оператор акысын ала элек. Айрымдарынын карточкалары так болбогону үчүн кармалып калды. Бүгүн биз толугу менен тактап бүттүк, эртеңкиге чейин баарынын акчалары эсебине которулат", — деди Жоомартов.

Ал эми айрымдарынын карточкаларында маселе жаралса баарына эмнеге берилбей жатат деген сурообузга Жоомартов так жооп бере алган жок.

220 операторго жалпы жонунан 1 миллион 364 миң сом эмгек акы төлөнүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0