БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Казакстандын Костанай шаарында бешинчи кабаттан кулаган алты жашар баланы жолоочу тосуп калганын Sputnik Казакстан агенттиги "Костанай жаңылыктары" басылмасына таянып билдирди.
Учурда бала ооруканага алынып келип, сынык бөлүмүндө дарыланууда.
"Ал кайра жандандыруу бөлүмүнөн палатагы которулду. Бактыга жараша операциянын жардамы тийген жок. Бала башынан жаракат алган", — деп шаардык оорукананын башчысы Игорь Белобржицкий билдирген.
Учурда алты жашар бала кантип терезеден кулап кеткени териштирилүүдө.