Премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөт башчылык кызматка отурганына кечээ, 5-декабрда, 100 күн болду. Тагыраагы, 25-августта Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка анын талапкерлигин жактырып, эртеси президент аталган кызматка дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду. Ошентип Сапар Исаков Кыргызстандын 29-премьер-министри болуп калды.

Сапар Исаков Кыргызстандын 29-премьер-министри. Ант берүү учуру

Сапар Исаковдун өкмөт мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биринчи жыйыны. 26-август

Исаковдун өкмөт башчы катары алгачкы чет элдик мейманы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев болду. 6-сентябрь

Өкмөт башчы Ош шаарынын борбордук аянтындагы майрамдык айт намазда. 1-сентябрь

Исаков ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президенттери менен бирге Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. 11-октябрь

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен кыргыз-казак чек арасындагы абалды талкуулоо маалы. 11-октябрь

Премьер-министр Исаков Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту. 29-сентябрь

Өкмөт башчысы "Таза Коом" улуттук долбоорунун алкагында portal.tazakoom.kg электрондук кызмат көрсөтүү порталынын бет ачарын өткөрдү

Маркум, вице-премьер Темир Жумакадыров менен кезектеги жыйын учурунда

Кырсыктан каза болгон Темир Жумакадыровду акыры сапарга узатуу

Исаков Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата өткөн иш-чарада

Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында беш баласын жалгыз тарбиялап жаткан Нуриза Кичинебатырованын үйүнө баш бакты

Исаковдун ымыркайды аяр кучактап, тестиердин башын сылап, баланын көз жашын аачып жаткан учурлары көптөрдүн көңүлүндө жылуулук жаратты

Сапар Жумакадырович, сапарыңыз байсалдуу болсун!

Бул жаштардын никелешүү салтанатына премьер-министр өзү суранып барып, калоо-тилегин айтып, белегин тапшырды

5-дакабрда Сапар Исаковдун өкмөт башчы болуп шайланганына 100 күн болду. Алдыда да көп иштер турат… Өкмөттүн иши ар дайым элдин, коомчулуктун сынында, көзөмөлүндө
