БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы Индонезияда өткөн Aceh World Solidarity Tsunami Cup – 2017 турниринде жеңишке жетти.
Финалдык оюндар 6-декабрда Банда-Ачех шаарында өткөн. Кыргызстандын курама командасынын жарым коргоочусу Бекжан Сагынбаев биринчи таймдын 20-мүнөтүндө атаандашынын дарбазасына гол киргизип, командасын алдыга алып чыккан.
Финалдык оюндарга чейин Кыргызстандын курамасы Монголия менен Брунейди уткан.