БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын таэкван-до боюнча курама командасы Казакстандагы мелдеште 10 медаль утту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.
Маалыматка ылайык, "GRAND PRIX ALMATY" аталышындагы эл аралык турнир 18-ноябрда Алмата шаарында өткөн. Ага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан жалпы 300дөн ашык спортчу катышкан.
Турнирде ата мекендик мушкерлер төрт алтын, бир күмүш, беш коло медаль утуп, Нурмат Айдаров, Хадижа Исабекова, Мирбек кызы Наиля жана Адинай Сейтказиева чемпион болушту.