Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөдө ар тараптан ийгилик жараткан мекендештерибиз арбын. Арасында иштеп да, окуп да, тер төгө машыгып да эл аралык деңгээлдеги турнирлерде намыска жараган спортчулардан уучубуз кур эмес.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги сыртта кыргыздын желегин желбиретип, гимнин ойноткон спортчулардын, спорт клубдар тууралуу материалдын биринчи бөлүгүн сунуштайт.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Жаш күч" спорттук клубунун башкы машыктыруучусу, президенти Айбек Мусаев
Тренер клуба Жаш-Куч Айбек Мусаев - Sputnik Кыргызстан
"Жаш күч" спорттук клубунун башкы машыктыруучусу, президенти Айбек Мусаев

Мушкерлердин армиясын түптөгөн "Жаш күч" клубу

Клубдун президенти, башкы машыктыруучусу Айбек Мусаев жаш кезинен тарта спорттун ар кандай түрү менен машыккан, эркин күрөш жана бокс боюнча спорт чеберине талапкер. 2004-жылы эл катары Россияга иштегени кетет. 2011-жылы Москвада спорттук клуб ачып, аны айылында өзү машыккан залдын атынан "Жаш күч" деп атаган. Бир жылдан кийин клуб бир нече эл аралык уюмдар, федерациялар менен тыгыз иштешип, спортчуларды беделдүү беттештерге чыгара баштайт. Мусаев бул тууралуу "менин алгачкы окуучуларым Немат Абдрашитов, Тилек Батыров, Бактияр Тойчубаев болду. Биз башыбыздан көп нерсени өткөрдүк, жеңдик, жеңилдик, кыйналдык, чыйралдык, азыр деле спорттун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жатабыз. Бүгүнкү күндө бизди Россияда гана эмес, КМШда дагы тааный баштады" дейт. Учурда клуб Тилек Машрапов менен Бактияр Тойчубаевди ММА боюнча дүйнө чемпиондукка жеткирип, дагы бир нече спортчуну эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү кылды.

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
ТОП-11. ММА мушкерлери Кыргызстанды дүйнөгө таанытабы?
2015-жылы JFC (Kuch Fighting Championship) лигасы ачылып мушкердин эл аралык турнирлерге чыгуусуна жакшы шарттар түзүлгөн. Ошондой эле спорттук клуб жылына бир жолу JFC аталышындагы эл аралык ММА турнирин өткөрүп келет. Быйыл үчүнчү ирет беттеш уюштурганы турушат.

Белгилей кетсек, "Жаш күч" спорттук клубу союз убагында Кызыл-Кыя шаарында ачылып, алгачкы тарбияны бокс боюнча КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Мурат Эранов колго алган. Ал кезде спорттун бир нече түрү боюнча ийримдер болгон. СССР жоюлгандан кийин спорт комплекс кароосуз калып, көпчүлүк секциялар жоюлуп, бир гана бокс калган. 1996-жылдан тарта панкратион популярдуу болуп, аталган клубдун спортчулары эрежесиз уруш боюнча машыгууларды өткөрүп турушкан. Алгачкы муун Замирбек Сыргабаев, Равшан Ашимов, Дүйшөн Төрөкулов сыяктуу спортчулар ийгиликтерди багынта баштаган.

Учурда "Жаш күч" Кызыл-Кыя, Ноокат, Ош, Бишкекте, Россиянын бир нече шаарында иштеп келе жатат. Президенти Айбек Мусаев, ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов — ардактуу президенти. Клубдун учурдагы белгилүү мушкерлери: Абдалим Ысманов, Мыктыбек Мамасалиев, Данияр Бабакулов, Тилек Батыров, Жаныбек Аматов, Тилек Машрапов, Бахтияр Тойчубаев, Орозбек Марипов, Дарханбек Эргешов жана башкалар.

© Фото / предоставлено Тынчтыбеком ИминжановымМосква жергесине "Ихлас" клубунун ачылганына эки жыл толду, белгилүү ММА мушкери Тынчтыкбек Иминжанов клубдун улук машыктыруучусу
Боец ММА, тренер спортивного клуба Ихлас Тынчтыкбек Иминжанов (в центре) - Sputnik Кыргызстан
Москва жергесине "Ихлас" клубунун ачылганына эки жыл толду, белгилүү ММА мушкери Тынчтыкбек Иминжанов клубдун улук машыктыруучусу

Эр аралык турнирде кызыл желек көтөргөн "Ихлас" клубу

Москва жергесине "Ихлас" клубнунун ачылганына эки жыл толду. Белгилүү ММА мушкери Тынчтыкбек Иминжанов клубдун улук машыктыруучусу болсо, бокс менен Нурбек Маматов, эркин күрөш менен Шухрат Токтосунов, грэпплинг боюнча Талгат Кеңешов машыктырат. Жалпысынан 150дөй бала тарбияланат. Иминжанов "Жаш мигрант балдарды жаман жолдордон алыс кармап, ден-соолукту чыңдоо үчүн ачканбыз. Бирок арабызда өзүн профессионал спортчу катары көрсөткөндөр өсүп чыкты" дейт.

Клубдун көрүнүктүү өкүлдөрү Эламан Додонов, Нуржан Абдыхалилов, Байболот Эргешов, Эгемберди Кабылов, Данияр Калыбаев, Эрнис уулу Сайпидин эл аралык турнирлерде жеңүүчү аталып келишет.

© Фото / предоставлено Жолдубаем МамашариповыммМосквада жайгашкан "Ак барс" клубунун негиздөөчүсү жана башкы машыктыруучусу Жолдубай Мамашарипов
Основатель и главный тренер спортивного клуба Ак барс Жолдубай Мамашарипов - Sputnik Кыргызстан
Москвада жайгашкан "Ак барс" клубунун негиздөөчүсү жана башкы машыктыруучусу Жолдубай Мамашарипов

Мигрант жигиттерди спортко тарткан "Ак барс" клубу

Москвада жайгашкан "Ак барс" клубунун негиздөөчүсү жана башкы машыктыруучусу Жолдубай Мамашарипов самбо боюнча Россиянын спорт чебери. Клуб Москва шаарында 2011-жылдан тарта өз ишин баштаган. Негиздөөчүсү Мамашариповдун башкы максаты — жаштарды спортко үндөп, мигранттардын убактысын пайдалуу ишке жумшоо.

Клуб спорттун бир нече түрлөрү боюнча иш алып барат. Спортчулары Раимберди уулу Айбек, Алманбет Жаныбеков, Улукбек Аманбаев, Медер Жээналиев, Токтоболот уулу Таштанбек, Нурсултан Турдуев жоокердик самбо күрөшү боюнча Москва чемпиондугун багындырышып, ММА, панкратион боюнча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү аталышты.

© Фото / Анастасия МарченкоКыргызстандык Валентина Шевченко учурда UFC (Ultimate Fighting Championship) уюмунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунду камсыздап турган чагы
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Валентина Шевченко учурда UFC (Ultimate Fighting Championship) уюмунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунду камсыздап турган чагы

UFC уюмун дүңгүрөткөн Валентина Шевченко

Кыргызстандык Валентина Шевченко учурда UFC (Ultimate Fighting Championship) уюмунда ат салышып, аталган уюмдун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунду камсыздап турган чагы. Шевченко чет өлкөгө биринчиде, жогорку деңгээлдеги мелдештерге байма-бай чыгып туруу максатында, экинчиден саякаттаганды жактыргандыктан кетет. Эжеси Антонина, машыктыруучусу Павел Федотов менен биргеликте алгач 2005-жылы Россиянын Сочи шаарына барышат. Ал жактан тай бокс, бокс жана аралаш мушташ боюнча машыгууну улантып, төрт ирет тай боксу боюнча дүйнө чемпиондугун багындырат. Россияда профессионалдык беттештердин өтөсүнө чыккандан кийин Латын Америкасындагы Перу мамлекетине көчүп кетишет. Дүйнөнүн булуң-бурчунда жетиштүү тажрыйба топтогон соң 2015-жылы UFC спорттук уюмунда күч сынашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Шевченко ушуга чейин UFC уюмунда төрт беттеш өткөрүп, үчөөсүндө жеңип, бирөөсүндө утулуп калган. Бразилиялык Аманда Нуньеске жеңилсе, күчтүү мушкерлер Сара Кауфманды, Холли Холмду, венесуэлалык Жулианна Пеньяны тизелеткен.

© Фото / Jeff SainlarМуай-тай боюнча дүйнө чемпиону Антонина Шевченко акыркы убактарда спорттун ММА түрүнө басым жасап жаткан чагы
Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Муай-тай боюнча дүйнө чемпиону Антонина Шевченко акыркы убактарда спорттун ММА түрүнө басым жасап жаткан чагы

Сиңдисинен кем калышпаган Антонина Шевченко

Валентина Шевченконун эжеси Антонина Шевченко дагы белгилүү ММА мушкери. Бир туугандар спортко чогуу келип, кайда жүрбөсүн бирге жүрүшөт. Антонина Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Бокс боюнча Россиянын спорт чебери, ушул эле спорттун түрү боюнча Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери. Андан сырткары, кикбоксинг жана тай боксу боюнча титулдары бар. Акыркы убактарда спорттун ММА түрүнө басым жасап жаткан чагы.

May 19!!!!!!!

Публикация от Farkhad Sharipov (@fsharipov8415) Мар 6 2017 в 5:46 PST

Американы багынткан Фархад Шарипов

Кыргызстандык Фархад Шарипов 10 жашынан тарта спорттун каратэ, самбо, дзюдо, эркин күрөш түрлөрү менен машыга баштаган. Алгач Америкага үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында иштегени барат. Көп өтпөй UFC мушкерлерин даярдаган күрөш мектебине бара баштаган. Ал кезде Фархаддын машыктыруучусу "Гутти" каймана аты менен таанымал жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону Густаво Муггиати болгон. Көп өтпөй ММА боюнча беттештерге чыгып, ийгилик жарата баштайт.

Шарипов жиу-житсу боюнча дүйнөлүк беттештерде байге алган, самбо боюнча Америкада коло байгеге татыган. PFC версиясы боюнча дүйнө чемпиону. Андан сырткары, ММА боюнча профессионалдык мушташтарга 26 жолу чыккан.

© Фото / Камилла ХожиеваРафаэль Физиев жалпысынан 21 профессионалдуу беттеш өткөрүп, үч гана жолу жеңилүү ызасын тарткан
Кикбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Рафаэль Физиев жалпысынан 21 профессионалдуу беттеш өткөрүп, үч гана жолу жеңилүү ызасын тарткан

"Нео" атка конгон Рафаэль Физиев

"Атаман" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Таиланддын Пхукет жергесиндеги белгилүү спорттук клуб "Phuket Top Team" менен эки жылдык келишим түзгөн.

Рафаэль 11 жашынан тарта тай боксу секциясында келип, машыктыруучу Эмил Токтогоновдун колунан тарбиялана баштаган. Кийинчерээк КРдин Тай боксу федерациясына которулган. Тай боксунун IFMA версиясы боюнча Кыргызстандын жана Азиянын бир нече жолку чемпиону. Кол таймашы боюнча дүйнө чемпиону. Жалпысынан 21 профессионалдуу беттеш өткөрүп, үч гана жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Ушул жылдын февраль айында кыргызстандык спортчунун кармаш учурунда "Матрица" тасмасындагы Нео сымал соккудан боюн ала качкан ролиги соцтармакта аябай популярдуу болгон.

© Фото / Виктор СоколовДастан Шаршеев 2010-жылы Москвага кикбокс боюнча Евразия чемпиондугуна катышканы барып, ал жакта биротоло калып калган
Кыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Дастан Шаршеев 2010-жылы Москвага кикбокс боюнча Евразия чемпиондугуна катышканы барып, ал жакта биротоло калып калган

Көк жал Дастан Шаршеев

Ысык-Көл облусунун кулуну Дастан Шаршеев 21 жашында профессионалдуу спортко келген. 2010-жылы Москвага кикбокс боюнча Евразия чемпиондугуна катышканы келип, ал жакта биротоло калып калган. Бул тууралуу Шаршеевдин "Спортко кеч аралаштым. Москвада жүргөндө спорт менен гана машыгып жашап кете албастыгымды түшүнүп, көп жерде иштегенге туура келди. Жүк ташуучу болуп да эмгектендим, мындай жумуштар чындыгында адамды чыйралтып, жашоодо бышык болгонду үйрөтөт экен" дейт.

Шаршеев тай боксу боюнча Москва шаарынын, КМШнын, Азиянын жана Кыргызстандын 4 жолку чемпиону. Кикбокс боюнча Москванын, бирма боксу боюнча Россиянын, Орто Азиянын чемпиону. Тай боксу боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

© Фото / Тимур ШайлезовБасызбек Баратов учурда Американын "Diesel Fit boxing" клубу менен үч жылга келишим түзүп, профессионалдар арасында беттешип келет
Боксер из Кыргызстана Басызбек Баратов - Sputnik Кыргызстан
Басызбек Баратов учурда Американын "Diesel Fit boxing" клубу менен үч жылга келишим түзүп, профессионалдар арасында беттешип келет

Муштуму менен ийгилик жараткан Басызбек Баратов

Басызбек Баратов 12 жашынан тарта өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунунун Барпы кыштагындагы "Тай-Мурас" спорт клубунда машыга баштаган. 9-классты аяктаганда ата-энеси Москва шаарына чакыртып, ошол жакта билим алып, спорт менен машыгып калат. 17 жашында бокс боюнча Москва шаарынын биринчилигин багындырып, машыгуусун улантуу үчүн Россиянын эң мыкты клубдарынын бири ЦСКА менен келишим түзгөн.

Басызбек учурда Американын "Diesel Fit boxing" клубу менен үч жылга келишим түзүп, профессионалдар арасында беттешип келет. Бокс боюнча Кыргызстандан бир жолку, Москванын төрт жолку чемпиону. Мындан сырткары, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Рингде жеңилип көрбөгөн Сулайманбек уулу Акжол

Баткен облусунун кулуну Сулайманбек уулу Акжол бокс менен 2000-жылдан тарта алектенип келет. Аталган спорттун түрү боюнча КРдин үч жолку чемпиону. 2016-жылдан бери Екатеринбург шаарында спорттук карьерасын улантууда. Профессиналдар арасында 8 жолу беттеш өткөрүп, бир да жолу жеңилип көргөн эмес. WBC Asian Boxing Council Continental атылышындагы эл аралык турнирде чемпион аталган.

© Фото / Facebook/ MX MUAY XTREMEМушкер Бейшебек уулу Жаныбек 2016-жылы Таиландга келип Бангкоктогу спорттук клуб менен келишим түзгөн
Международный турнир MX Muay Xtreme по тайскому боксу в Таиланде - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Бейшебек уулу Жаныбек 2016-жылы Таиландга келип Бангкоктогу спорттук клуб менен келишим түзгөн

Таиландда ийгилик жараткан Бейшебек уулу Жаныбек

Ысык-Көлдүн кулуну Бейшебек уулу Жаныбек 18 жашында тай боксу боюнча Кыргызстандын чемпиону аталган. 2016-жылы Таиландга келип Бангкоктогу спорттук клуб менен келишим түзгөн. 2013-жылы профессионалдар арасында Евразиянын чемпиону аталса, 2013-2016-жылдары дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунга татыган. 2017-жылы 67 килограмм салмактагы спортчулар арасында дүйнө чемпиону, MX Muay Xtreme аталышындагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болгон.

© Фото / Nico MegaludisСпортчу Надырбек уулу Самат бир жарым жылдан бери Американын "Pitt wrestling club" клубунда машыгат
Кыргызстанский борец Самат Надырбек уулу на церемонии награждения на международном турнире по спортивной борьбе  в городе Колорадо-Спрингс (США) - Sputnik Кыргызстан
Спортчу Надырбек уулу Самат бир жарым жылдан бери Американын "Pitt wrestling club" клубунда машыгат

Америкада кыргыз гимнин ойнотуп, желегин желбиреткен Самат Надырбек уулу

Балбан Надырбек уулу Самат 13 жашынан тарта Чүй облусундагы Арашан айылында күрөш боюнча машыктыруучу Нурлан Нураковдун колунда тарбиялана баштайт. Үч жылдан соң спорттук олимпиадалык резервдик окуу жайына кабыл алынып, ал жакта 2009-жылга чейин тарбияланган.

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-турган турган балбандары ким? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Спортчу бир жарым жылдан бери Американын "Pitt wrestling club" клубунда машыгат. Мекенден кеткендигинин себебин чет өлкөдөн мыкты машыгууларды өткөрүүнү каалагандыгы менен түшүндүрдү.

Самат Надырбек уулу 2013-жылы эркин күрөш боюнча универсиадада күмүш медаль, 2014-жылы Азия биринчилигинде коло медаль, 2015-жылы Азия биринчилигинде күмүш медаль тагынган. Андан сырткары, бир канча эл аралык турнирде байгелүү орундарга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0