БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жекшемби күнү, 12-ноябрда, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Чүй өрөөнү менен Таласта 12…15, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 14…19, Ысык-Көл менен Нарында 7…12 градус жылуу болот.
Бишкекте 14…16, Ош шаарында 16…18 градуска чейин жылуу болору айтылды.