БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Нарын — Өрүктам жолунун 45-75-чакырымына кар көчкү түшүү ыктымалдыгынан улам аталган жол убактылуу жабылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Нарын районунун акими кол койгон. Жол 2018-жылдын 11-апрелине чейин жабык болот.
Өрүктам айылына Сары-Булак — Кара-Кужур айланма жолу менен барууга боло турганы айтылды.