Сүрөтчү Койчуманов: "Коб" одоно сөздөрдү колдонбогондо интернеттен ордун тапмак эмес

Жазылуу
Учурдун жаш жана белгилүү сүрөтчүсү Төлгөбек Койчуманов "Айтыш-фильм" киностудиясында эмгектенет. Кыл калем менен гана чектелбей анимациялык тасмаларды жаратып, көркөм-фильмдерде сүрөтчү-декоратор болуп иштейт.

Койчумановдун иш бөлмөсү көздүн жоосун алган сүрөттөргө толгон. Жасаган эмгектерин үңүлө карап отурсаң, жаратылыштын миң түркүн жерине барып келгендей болосуң. Сүрөтчүнүн тандаган жанры – этюд.

"Жаратылыш — менин жан дүйнөм. Үй-бүлөмдө сүрөт тарткан адамдар болгон эмес. Болгону туулуп-өскөн Ысык-Көлүмдүн сулуулугуна таасирленип, сугумду кагаз бетине түшүрдүм" — деди Койчуманов.

Бир сүрөтү 200 доллардан өйдө сатылат. Эң кымбат сүрөтү "Адашкан жолдор" деп аталып, 3 миң долларга бааланган. Эң узак убакытта жасаган эмгеги "Семетей" эки жылда аяктап, учурунда аны белекке берген. Сүрөтчү тартпай турчу да нерселер бар. Алар — майда нерселер жана эротика.

Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
Сүймөнкул Чокморовдун көзү өткөнүнө чейрек кылым болду. Залкардын сейрек сүрөттөрү
"Сүрөтчүлөрдү ар бир нерсеге кылдаттык менен карап, сынчыл адамдар болот деп айтышат. Мен майда жумушту көп жактыра бербейм. Демек, мүнөзүм да ошондой. Бир жолу сайтка эротикалык сүрөт тартып берүүгө сунуш түшкөн. Кагазымды уят нерсе менен кооздогондон айбыгам. Алар мен аткара турчу жумуш эмес" — деди сүрөтчү.

Койчуманов 2010-жылдан бери "Коб" деген ысымга ээ каарманы менен видео-комикстерди жаратат. "Коб" — аталган сөздүн тескери окулушу. Жаратман кыска видеолор аркылуу коомдогу социалдык көйгөйлөрдү тамашага салып жеткирүүнү көздөйт.

"Коб" катышкан видеодо сөгүнгөн жерлерди жөн эле койбойсуңарбы дегенди көп угам. Бирок Коб одоно сөздөр менен чыкканы үчүн эл маани берип, интернетте ордун тапты деп ойлойм. Азыр убактыма байланыштуу уландылары кеч чыгып жатат. Баса, Кобдун тексттерин сөзүн өзүм жазып, өзүм коштойм" — деди сүрөтчү.

Каучук кыз Милена! Бир дагы кыргызстандык анын жасаганын кайталай албайт - Sputnik Кыргызстан
Каучук кыз Милена! Бир дагы кыргызстандык анын жасаганын кайталай албайт
Төлгөбек үч жыл мурда коомчулукка алгачкы жолу анимациялык "Аку" тасмасын сунуштаган. Автордун айтымында, тасмага үч миллион сом, үч жылдык убакыт сарпталып, 90 миң сүрөт тартылган. "Секундасына 5 сантиметр" аталышындагы япондордун тасмасы катуу таасир берип, "Аку" фильмин жаратуу идеясы келип чыккан. Койчуманов иштин аягына чыгаруу үчүн чыдамкайлык маанилүү экендигин белгилеп өттү.

"Анимация тартуу оңой иш эмес. Анда ар бир кыймылды кагаз бетине түшүрүү бир топ эле татаал" — деди Койчуманов.

© Sputnik / Табылды КадырбековКойчуманов кыл калем менен гана чектелбей анимациялык тасмаларды жаратып, көркөм-фильмдерде сүрөтчү-декоратор болуп иштейт
Художник, аниматор Толгобек Койчуманов - Sputnik Кыргызстан
Койчуманов кыл калем менен гана чектелбей анимациялык тасмаларды жаратып, көркөм-фильмдерде сүрөтчү-декоратор болуп иштейт

Учурда Төлгөбек сүрөтчүлүк менен кошо тасма талаасында да эмгектенет. Кыргызстандагы белгилүү кинофильмдердин бири "Саякбай", "Курманжан датка" тасмаларында сүрөтчү-декоратор болуп иштеген.

Талыкпаган эмгеги үчүн 2016-жылы президенттин Ардак грамотасына, "Аку" тасмасы үчүн "Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгынын мыкты-сүрөтчү номинациясына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0