Сүймөнкул Чокморовдун көзү өткөнүнө чейрек кылым болду. Залкардын сейрек сүрөттөрү

Жазылуу
Кыргыз кино өнөрүнүн жарык жылдызы, таланттуу сүрөтчү, СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов мындан туптуура чейрек кылым, 25 жыл мурда көз жумган.

Sputnik Кыргызстан алп таланттын элесин эскерип, сүрөттөр түрмөгүн жарыялайт.

"…Ал ак чачтар кара болчу көмүрдөй,

Жаркын талант чайпалбай да төгүлбөй,

Элестелип бүт дүйнөгө таркады,

Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй" (Жолон Мамытов)

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Эркектин мыкты ролун жараткандыгы үчүн Алматыдагы Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тблиси, Баку, Еревандагы Бүткүл Союздук кинофестивалдарда төрт жолу 1-сыйлык ыйгарылган. Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

© Фото / Александр Федоров"Кызыл алма" тасмасын тартуу учурунда
Первые кинокадры города Фрунзе — 40 лет Красному яблоку - Sputnik Кыргызстан
1/15
"Кызыл алма" тасмасын тартуу учурунда
© Фото / Александр ФедоровСүймөнкүл Чокморов актриса Алиман Жангорозованын элесин түшүрүп жатат
Первые кинокадры города Фрунзе — 40 лет Красному яблоку - Sputnik Кыргызстан
2/15
Сүймөнкүл Чокморов актриса Алиман Жангорозованын элесин түшүрүп жатат
© Фото / Александр Федоров"Караш-караш окуясы" тасмасында Бактыгулдун ролунда. Бул кинону көргөндө Сүлүккараны, тиштенип көз жаш төккөн Бактыгулду, анан актердун ден соолугун алган Көкөмерен суусун эрксизден эстейсиң...
Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
3/15
"Караш-караш окуясы" тасмасында Бактыгулдун ролунда. Бул кинону көргөндө Сүлүккараны, тиштенип көз жаш төккөн Бактыгулду, анан актердун ден соолугун алган Көкөмерен суусун эрксизден эстейсиң...
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүЧыңгыз Айтматовдун "Жамиля" чыгармасынын негизинде тартылган тасмада атактуу актер фронттон келген Даниярдын образын жараткан
Кадр из художественного фильма Джамиля - Sputnik Кыргызстан
4/15
Чыңгыз Айтматовдун "Жамиля" чыгармасынын негизинде тартылган тасмада атактуу актер фронттон келген Даниярдын образын жараткан
© предоставлено Александром ФедоровымИрмем. Бул эки залкар – Сүймөнкул Чокморов менен кинорежиссер Төлөмүш Океев кыргыз киносунун кайсы шедевр тасмасын жаратуу туурасында сүйлөшүп жатты болду экен?
Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху - Sputnik Кыргызстан
5/15
Ирмем. Бул эки залкар – Сүймөнкул Чокморов менен кинорежиссер Төлөмүш Океев кыргыз киносунун кайсы шедевр тасмасын жаратуу туурасында сүйлөшүп жатты болду экен?
© Фото / Александр ФедоровЧокморовдун "Саякбай Каралаев" картинасы
Первые кинокадры города Фрунзе — 40 лет Красному яблоку - Sputnik Кыргызстан
6/15
Чокморовдун "Саякбай Каралаев" картинасы
© Фото / Александр ФедоровҮч залкар. Сүймөнкул Чокморов, гениалдуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, "кыргыз кереметинин" жаратуучуларынын бири, кинорежиссер Төлөмүш Океев
Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
7/15
Үч залкар. Сүймөнкул Чокморов, гениалдуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, "кыргыз кереметинин" жаратуучуларынын бири, кинорежиссер Төлөмүш Океев
© Sputnik / А. Герасимов / Медиабанкка өтүү"Жетинчи ок" кинотасмасындагы көрүнүш. Чокморов тасмада милиция отрядынын командири Максумовдун ролун жараткан. 1972-жыл
Дилором Камбарова и Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
8/15
"Жетинчи ок" кинотасмасындагы көрүнүш. Чокморов тасмада милиция отрядынын командири Максумовдун ролун жараткан. 1972-жыл
© Фото / Александр ФедоровЖылдызы жанган актер кайсы ролду ойнобосун аны ийгилик ээрчип жүргөн
Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
9/15
Жылдызы жанган актер кайсы ролду ойнобосун аны ийгилик ээрчип жүргөн
© Фото / Александр ФедоровАл канчалык терс каармандарды ойнобосун, баары бир элдин сүймөнчүлүгү болгону жашыруун эмес
Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
10/15
Ал канчалык терс каармандарды ойнобосун, баары бир элдин сүймөнчүлүгү болгону жашыруун эмес
© Фото / Александр Федоров"Жалаң гана эр азаматтар" тасмасында ойноп жаткан учуру
Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
11/15
"Жалаң гана эр азаматтар" тасмасында ойноп жаткан учуру
© Фото / Александр ФедоровЧокморовдун бир дүйнөсү, бир өмүрү, бир жаны – сүрөтчүлүк болгон. Анын кыл калеминен 800гө чукул эмгек жаралган дешет
Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
12/15
Чокморовдун бир дүйнөсү, бир өмүрү, бир жаны – сүрөтчүлүк болгон. Анын кыл калеминен 800гө чукул эмгек жаралган дешет
© Фото / Александр ФедоровСүймөнкул Чокморов жубайы Салима, уулу Бактыгул менен
Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
13/15
Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима, уулу Бактыгул менен
© Фото / Александр ФедоровБул адамдын дүйнөдөн эрте кеткени кыргыз маданиятынын бир капталын эңшерип түшкөндөй болду. "Дагы жашап турса эмне" деген ойлор эрксизден келе берет...
Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
14/15
Бул адамдын дүйнөдөн эрте кеткени кыргыз маданиятынын бир капталын эңшерип түшкөндөй болду. "Дагы жашап турса эмне" деген ойлор эрксизден келе берет...
© Фото / Александр ФедоровСССРдин Эл артисти, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Спорт чебери Сүймөнкул Чокморов оорунун кесепетинен 1992-жылы 26-сентябрда 53 жаш курагында дүйнө салды...
Советский и кыргызский актер кино, художник Суйменкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
15/15
СССРдин Эл артисти, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Спорт чебери Сүймөнкул Чокморов оорунун кесепетинен 1992-жылы 26-сентябрда 53 жаш курагында дүйнө салды...
Жаңылыктар түрмөгү
0