БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде аба ырайы температурасы —2…-4 градуска түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай аба ырайы 6-7-октябрда катталып, жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Чукул кырдаалдарды жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ тарабынан элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.