00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

MegaCom компаниясын сатып алам деген Нагорная: мен чех компаниясы эмесмин

Жазылуу
Россиянын жараны "Альфа Телеком" ЖЧКны толугу менен сатып алууну ниеттенип жатканын билдирди

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Альфа Телеком" компаниясын (MegaCom соода маркасы) толугу менен сатып алууну пландап жаткан Россиянын жараны Елена Нагорная Sputnik Кыргызстан агенттигине аны буга чейин ГЭС курмакчы болгон чех компаниясы менен салыштыруунун зарылдыгы жок экенин билдирди.

Сариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение - Sputnik Кыргызстан
Өзүн актай албай сатылып жаткан 7 мамлекеттик ишкана. Баасы жана себептери
Толугу менен мамлекеттин карамагындагы компания буга чейин бир нече жолу аукционго коюлуп, бирок кызыккан инвестор болбогонунан улам түз сатууга коюлган. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 25-сентябрда саат 17.00дө аяктап, ишкананын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталган. Буга кошумча сатып алууну көздөгөн инвестор 7 пайыздык комиссиялык төлөм төлөшү керек. Ошондой эле сатып алуучу компанияга байланыштуу өкмөткө же мамлекеттик органдарга соттук даттануулар болсо, аларды чечүү милдетин мойнуна алышы керектиги айтылган.

Эми болсо россиялык жаран Елена Нагорная тарабынан арыз келип түштү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ишкер айым менен байланышты, бирок Нагорная иштин чоо-жайын айтуудан баш тартып, болгону ал "чех компаниясы эмес" экенин белгиледи. Кененирээк маалымат үчүн ишкер айым Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна кайрылуу керектигин айтты.

Ал эми аталган фонддун төрагасы Болсунбек Казаков россиялык жарандын "Альфа Телеком" компаниясын сатып алуу ниети боюнча түшүндүрмө берди.

"Мен аны менен жолукканда, ЖМКлар негативдүү маалыматтарды жазып жатканына таң калганын билдирди. Ал каражаттар легалдуу экенин көрсөтүп, далилдеп берерин айтты. Биз дагы өз учурунда каражат оффшордук эмес "таза" болушун талап кылуудабыз. Келишимге ЖМКлардын көзүнчө кол коюлат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бизге бир аз убакыт бергиле", — деди Казаков.

Анын айтымында сатып алуучуга ишенсе болчудай.

"Бирок туура эмес жагдайларды сезип калсак, келишимге кол койбойбуз. Сүйлөшүүлөр эми гана башталды", — деди Казаков.

Ал коомчулукту ызы-чууга түшүп, инвесторду качырбоого чакырды.

"Мен дагы бардыгы мыйзамдуу негизде болушун каалайм. Эртең жооп берип калгыдай акылсыз эмесмин да. Компанияны ийгиликтүү сатып, теманы жабууга кызыкдармын. Буга чейин канчалаган кылмыш иши козголуп, камалгандар болду. Буга чекит коюлуп, компания мамлекеттин кийлигишүүсүз иштеши керек", — деп Казаков кошумчалады.

КР өкмөтүнүн сот өкүлчүлүгү борбору Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын билдирүүсүнө жооп даярдады - Sputnik Кыргызстан
КР өкмөтү Liglass компаниясын милдетин аткарбаганы үчүн доого жыгат
100 пайыз акциясы мамлекетке караган ири уюлдук оператор февраль айында 300 миллион долларга бааланып, сатыкка коюлган. "Альфа Телеком" боюнча аукцион былтыр май айында эле өтмөк. Бирок табыштамалар түшпөгөндүктөн мөөнөтү бир нече жолу жылган. Жыйынтыгында ошол кездеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Алмаз Кадыркулов отставкага кеткен. Кийинки аукцион 16-декабрга 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом менен белгиленип, бирок ал да ишке ашпай калган. 2017-жылдын 5-июнунда дагы бир аукцион өтмөкчү болуп, наркы 13,5 миллиард сомго бааланып, тилекке каршы, бир да арыз түшкөн эмес.

Андан соң аукцион, сынак жана соода-сатыктын башка түрү үч ирет катары менен ишке ашпай калган учурда мамлекеттик объектилерди түз сатыкка коюу боюнча токтомдун долбоору иштелип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0