БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы калааны 2017-2020-жылдарга чейин өнүктүрүү боюнча долбоорду коомдук талкууга алып чыкты.
Анда алдыдагы жылдар ичинде шаарды жакшыртуу боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын аракеттери так белгиленген.
Долбоордун программасы эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүккө долбоорду ишке ашырууга каражат табылгандар киргизилсе, экинчи бөлүккө каражат табыла электер кирген.
Долбоордун биринчи бөлүгүнө киргендер:
- Муниципалдык 47 автотоктотуучу жайга акы алына турчу системаны киргизүү
- 10 бала бакча куруу
- Электр энергиясын бир жылда жарым миллион киловатт саатка чейин үнөмдөө
- Түштүк-батыш көрүстөнүн жабуу, жана маркумдарды көмө турчу башка жайларды кароо
- Төрт паркты оңдоо
- Бак-дарак отургузулган аймакты чоңойтуу
- 90 чакырымдан ашык жолду оңдоо
- 10 миң жаранды газга туташтыруу
- Автобустардын санын көбөйтүү
Экинчи бөлүк:
Азырынча күндүн энергиясын топтоочу гелиоколлектер долбооруна акча табыла элек. Андан сырткары, троллейбустун линиясын чоңойтуу, 600 лифтти оңдоо, бир катар театрлар үчүн костюмдарды тигүү долбоор боюнча турат.