БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө катталган жол кырсыктан алты адам жабыркап, НТС телеканалынын кабарчысы Айбек Айтбаев каза тапкан. Бул тууралуу аймактык ИИБден кабарлашты.
Жол кырсык 30-июль күнү эртең менен саат 5.00дөр чамасында Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылында катталган. Subaru үлгүсүндөгү эки унаанын кагышуусунан 22 жаштагы журналист бала мүрт кеткен. Кийинчерээк ал НТС телеканалынын кызматкери экени маалым болгон.
Аны менен кошо салондо 21 жаштагы кыз жана 22, 23, 24 жаштагы балдар болгон. Алардын бардыгы түрдүү жаракат алып, Ысык-Көл райондук ооруканага жеткирилген.
Экинчи унаанын 23 жаштагы айдоочусу менен 21 жаштагы жүргүнчүсү дагы ооруканага жеткирилген.
Аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.