00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Миталип Мамытовдун айылга каты. Кончко толгон кар, профессор сагынган улуу кыш

© Sputnik / Табылды КадырбековЗалкар нейрохирург, профессор Миталип Мамытовдун архивдик сүрөтү
Залкар нейрохирург, профессор Миталип Мамытовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар айылга катты залкар нейрохирург, профессор Миталип Мамытов жазып, балалык кезин, кар кечкен учурларын, айылдаштарын эстеди.

Кат деген мен үчүн жакшы маанайдагы кабар. Анын ичинде эмне деген сезимдер сакталып жатат. Бекеринен "кат" деген сөз менен айтылып калбаса керек.

Мен Ноокаттанмын. Бул "ноодогу кат" дегенди билдирет. Илгери биздин аймактагы үңкүрдөгү ноолордон каттар табылган экен. Менимче, кичи мекенимдин аталышы да ушундан калса керек.

Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Самара Токтакунованын айылга каты. Керки менен комуз чапкан кара кыз
Медициналык институтта окуп жүрүп, бир тууган агама жазган каттарым эсимде. Ал кезде биринчиден, ата-энемди, бир туугандарымды сагынсам, экинчиден, турмуш кыйынчылыгынан улам агамдан тыйын-тыпыр сурап жазчумун. Анан ал акча салчу. Дагы бир катым эсте – медициналык окуу жайга өткөндүгүмдү өрөпкүп, кубанып кабарлагам. Ал эми калган каттар чынын айтсам, жадымда калбаптыр.

Айылга мурда бир айда 2-3 ирет каттачумун. Үйдү, кичи мекенимди көп сагынаар элем. Буга кошумча хирург катары аймакка улам-улам чыкканга туура келчү. Ноокат Оштон ары кол жеткидей эле жер эмеспи, сөзсүз тие кетчүмүн. Азыр турмуш, талап башка, эми жылына 2-3 жолу барып турам.

Ошол кездегидей улуу кар азыр жок…

Азыр айылда эски тамыбыз турат, жаңысы да курулду. Балалык кезде басып жүргөн жол эсте. Үйдөн мектепте чейин 3 чакырым аралыкты басып жөө барып-келип окучубуз.

© Sputnik / Табылды КадырбековЗалкар нейрохирург, профессор Миталип Мамытов
Нейрохирург, профессор Миталип Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Залкар нейрохирург, профессор Миталип Мамытов

Эсимде… ошол кезде Ноокатка улуу кар жаачу. Сууктан катып калып, үстү менен кадимки жол сымал басып, каттачубуз. Кээде катып калган жерлер сынып, мен түшүп кетип, өтүгүмдүн кончу карга толуп калар эле. Көк муштум болуп үшүчүбүз, балабыз да ага да кайыл болуп мектепке каттап, жылгаяк тээп, кар чабышып ойногон кездерди кантип унутасың. Азыр биздин аймакта андай кар жаабай калды…

Ошол ары-бери каттаган сайын балалыкты, тээ 65-70 жыл алыс калган кереметтүү чактарды эстейм. Тоолор, жолдор мага ошол кездегисиндей, эч өзгөрбөгөндөй сезиле берет. Ал эми эски жайлар, менин бөбөк кезимдеги көргөн тамдар жок, ордуна жакшынакай, башкача үйлөр түшкөн.

Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов - Sputnik Кыргызстан
Абдыкерим Муратовдун айылга каты. Энемдин балкондогу таберик сандыгы
Айылдын пейили анткени менен ошондой эле. Болгону элдин турмуш-шарты жакшырды. Мындан бир нече жыл мурда жан алы калбай чайга чакырып, дасторконуна нан, кант, анча мынча үйдө май койгон айылдаштарымдын ар бири азыр союш камдап, даам татып кетиңиз деп турушат. Кирбей кетсем, капа болушат. Демек, барчылык, бакубаттык. Муну көргөн менин да көөнүм тынч. Алар канчалык жакшы жашаса мага да жагымдуу эмеспи. Себеби, айыл менин тамырым, алар менин тамырлаштарым.

Барган сайын сагыныч тарап, чер жазып келем. Тоолор эске түшөт. Боорунан отун терип, табылгы кыйып келчүбүз. Табылгы менен үйдү жабат элек, анын артынан топурак төгүп, жылуулачубуз. Кыштын күндөрү азыркыдай меш кайда, сандал менен отурган шартта чоңойгонбуз. Ичине пахта салынып, шырып тигилген өзбек чапан менен кыштан чыкчу элек. Анын баары эсимде…

Классташтарым менен мүмкүн болушунча жолугууга аракет кылабыз. Бул кат аркылуу аларга салам айтып, ден соолук каалайм. Мен силерге жолукпай, шашып кетсем, адатыңарча таарынбагыла. Буюрса, туз-насип буюрса дагы жолугабыз.

Кат жазганга караганда, көп алдым окшойт

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ыргал Кадыралиеванын айылга каты. Шаани чоң апа, тубар көйнөктүн карызын кечтим
Кат деп жатпайбызбы. Мен кат жазгандан көрө көп кат алдым окшойт. Мен дарылап, операция кылгандар ыраазылыгын ар кыл түрдө айтып, көбү кат жазып, ырларын жолдосо, бир катарлары телерадио аркылуу жылуу пикирин билдирип келишет. Ал эми пациенттер жазган каттардын баары менде сакталуу. Жылуу сөздүн күчү да башкача болот эмеспи. Албетте, операция ийгиликсиз болуп калганда жаман көргөндөр да бар. Тилекке каршы, оору доктурду жеңип кеткен учурлар болот…

Катымдын соңунда, айылдагыларга бир ооз сөзүм бар. Силерге айылда жашап, айылды гүлдөтүп жатканыңарга чоң рахматымды айтам. Силер болгон үчүн, айылды өстүрүп, жашатып турган үчүн биз ошол жерлерге барып, сагынычыбызды жазып кайтабыз. Ишиңер ийгиликтүү болсун, баарыңарга амандык каалайм!

Саламым менен, айылдашыңар, профессор Миталип Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0