Саламатсыңбы, айылым, саламатсыңбы киндик кан тамган кичи мекеним!
Бул силерге комуздун коштоосундагы күүлөрүм эмес, кадимки эле кат жүзүндө кайрылгым, силерди эстегим келди.
Баары эсимде. Балалыгым, мен уккан классикалык музыкалар, кучак толгон жоогазындар, классташтарым, ата-энем. Анда баары башынан болсун.
Менин кичи мекеним Токмоктун үстүндө жайгашкан Кызыл-Суу айылы, Комсомол деп да айтышат. Катты мен Фрунзе шаарына келгенде ата-энеме көп жазган жокмун. Борбордон айылым 60 чакырым аралыкта болгондуктан, шаарга атам менен апам үзбөй катташчу.
Апам бозо салчу, аны таңкы төрттөрдө сүзүп, анын бир жерин мен, бир жерин атам кармап берчү. Атам, "кан болот" деп бизге ичиргени эсимде. Апамдын ошол бозосун сагынам, эч ким салбай калды, шаарда сатылат экен, бирок аны ичип көргөн эмесмин.
…Тоонун түбүндө жайгашкан жети жылдык мектепте билим алдым. Акий деген сулуу эже окутту. Аны көрүп таңгалып эле тиктеп, суктанып эле отура берчүмүн.
Эсимде. Чуңкурчак деген жайлообуз бар эле, ошол эже көп алып барчу. Азыр эстесем сулуулуктун көбүн ошол сулуу эже үйрөтүп, табитибизди тарбиялаптыр. Кучак-кучак кылып чоң жоогазындарды терчүбүз. Тооодон ылдый томолонуп ойноп, анан ышкын үзчүбүз. Сонун күндөр өтүптүр бала кезде.
Бала кезде кылган ишим – бадага эртең менен уй кошуп, кечинде тосуп келүү эле. Ипичке арык, кара кыз болгондуктанбы, атамдын айткандары күнү бүгүнкүдөй эсимде. "Минтип, өзү да кичине. Кызымды жумшабагыла, тамакты биринчи ушуга бергиле, карачы арыктыгын, кабыргасы саналып турат", — дей берчү эле атам байкушум. Ата-эне деген баласы үчүн күйпөлөктөп, чырылдап турарын эне, чоң эне болгондо сезип жүрбөймбү.
Үйдөгүлөр мага туура эмес тамак куюп койсо, чалкаман кетип таарынып жатып алчумун. Анткени артымда атам турарын билем да. Мени ушундай эркелетип "Ушундан бир чоң комузчу чыгат, көрөсүңөр" дей берээр эле.
Комуз демекчи, бул аспапка байланышкан менин окуяларым арбын. Ошол кезде телевизор биздин айылдын Абды аттуу башкармасынын гана үйүндө болучу. Бул 1957-жылдар эле. Кызы Гүлбарчын мени үйүнө комуз үйрөт деп алып бара берчү. Мектептеги ийримде мандалинде ойноп берип, коллективди ырдатчу элем да. Ал эми комуз менен ойногон жалгыз эле күүм боло турган. Канча үйрөтүп, аракет кылсам Гүлбарчын да өздөштүрө албай койду. Анан түнкү 12ге чейин телевизор көрчүбүз. Эмнеге телевизорду эстеп кеттим, кызык. Билбейм, бирок, ушул катка жазгым келди.
Керки менен чапкан комуз
Эсимде. 4-класста болчумун. Самоорго жарган жыгачты алып, анын бетине комуздун сүрөтүн түшүрүп, атамдын кичинекей керкиси болор эле, аны менен акырындап чаап отуруп, комуздун силуэтин жасаганым эсимде. Ишигылып окшоштуруп, ичин ойгонго жарадым. Бетине картон кагазды камыр менен чаптап, башына кичинекей мык кагып, жоон кара жиптен кыл сымал тартып, эки кайталап ородум. Тепке ордуна карандашты койдум. Дароо эле угуп жүргөн обонду сала баштадым. Кадимкидей, окшошту. Ошону эстесем, азыркыга чейин таңгалам. Мени кайсы күч, жөндөм комуз жасатты экен?.. Кечке ойночумун, ошол "комузум" менен. Апам бир күнү "бул эмне эле болуп жатат" деп кобурап, кулагын салып тыңша-ап туруп, "апе-еей, бул Мыскалдын обонун салып жатпайбы. Атасын чакыргылачы", — деди таңгала. Атам келип угуп, жалынып-жалбарып, ушунчалык бир кубанды. Ал азыр да көз алдыма кинофильмдеги кадрдай тартылды.
Эсимде. Жүгөрүнүн арасында эле жүрчүмүн. Ошол кездеги үндөр азыркыдай кулагымда. "Ай, баягы кайда" деп сураган апама, "каякта болмок эле, баягы эле жүгөрүнүн ичинде, комуз жасай албай жүрөт" деген бир туугандарымдын үндөрүн угар элем. Жүгөрүнү канча тешип, бакалын кыл деп тагам деп канча мээнеттендим…
Эшиктин алдына качма топ ойночубуз, кошуна-колоңдун балдары чогулуп, өзүнчө эле бир дүйнө болучу. Айылда комуз черткен Сапарбек деген байке болор эле, комузду бир эки кайрып эле шашып жатам деп тура жөнөчү, аны тирмийип тиктеп турар элем. Ойноп жатканда манжаларынын кыймылы көз алдыңда турат, кеткенден кийин аны туура ойночумун.
Кырмандагы Чайковскийдин концерти
Училищенин алдындагы дарбазадан туруп алып ары-бери кеткендерди тиктеп туруп, "мен кандай бактылуумун, ушул жерде билим алам, кандай сонун, ээ" деп мадырайып турар элем. Бала экенмин да. Музыканы түшүнбөгөндөр бактысыздай туюла берчү.
Уй тоскондогу концерттер
Жогоруда айткан бададан келген уйду тосуп барганда жолдогу дөңсөөгө чыгып алып болушунча бакырып, кыйкырып ырдап, чер жазып алчубуз. Билим турам. Ал кезди кайтарууга мүмкүн эмес, бүттү, ал кез кетти. Бирок, мезгилинде кандай сонун бакыт, ырахат эле. Эстегенде, ошол мезгилдерге кайтып баргандай болуп калсың. Азыр мен Бишкекте отуруп кат жазып жатам, бирок, мен элестер, кыялдар менен баягы кучак толо жоогазын терген жайлоодо жүрөм. Ырдап жатабыз, күн батып бара жатат, тигине уй келе жатат. Эх-ээ, бактылуу балалыктын ирмемдери!
И баса, мен эркек балдар тепкен лянгини катырчу элем. Элестетип көргүлө, апарык, кара кыз, шыпылдап, улактай секирип лянги тээп жатат. Экиге бөлүнүп ойногондо, балдар мени кадимкидей талашчу. Ай, балалык ай!
Мария эжекем…
Катымдын соңунда айтарым, аман бол, гүлдөп, өс менин кичи мекеним. Сен бар болсоң сенин тамырларың биз барбыз. Мен сени чнксиз жакшы көрөм, айылым!
Ал эми айылымдагы кийинки муундарга айтарым, улуттук музыкага, классикалык музыкага жакын болгула демекчимин. Бардык жетишкендиктин, өнүгүүнүн башаты – маданият. Андыктан, маданияттын бир өңүрү болгон музыканы түшүнүп, баалай, барктай билгиле.