Биздин каарман Өзгөн районунун Куршап айылында жарык дүйнөгө келген.
Кош данек. Чочуп кеткен чоң энем
Биздин сүт тарткан машинабыз бузулуп калып, апам экөөбүз күндө эки чака сүт көтөрүп, Төлөн авамдыкына сүт тартканы киребиз. Мен алты-жети жаштагы кыз элем. Апам менен чоң апам сүт тартып отурушат. Мен данек чагып жеп жаткам, аңгыча кош данек чыгып калды. Мен дароо "чоң апа, жарма данек жейлиби" дедим. Себеби апамды жарма данектен далай жолу жеңгенмин. Чоң апам макул болду.
— Эмнеден?— дедим.
— Эгерде сен жеңсең, үстүңдөгүдөй тубар көйнөк алып берем, эгерде мен жеңсем сен мага тубар көйнөк алдырып бересиң деди.
Дароо макул болдум, себеби апам жакында эле өзүнө тубар көйнөк тиктирип, ашкан кездемеден мен да көйнөктүү болгом. Өзүнүкүн жапжаңы бойдон сандыкка салып койгон болчу, аны чоң апам жакшы билет эле. Утулсам апамдын көйнөгүн бере коем деп макул болдум. Бизди карап күлүп отурган апам да макул болду. Эртеси жарма данекти айтмай болдук. Айтмакчы, тубар гүлдөрү билинер-билинбес болуп өзүнөн чыккан, шайыга окшош кездеме.
Биз, кыздар ойногон жердин ээси ак жоолукчан келиндер болуптур
Мен айылга көбүнчө жалгыз келем. Көчө бойлоп, суу көтөрүп бараткан келиндерди, ойноп жүргөн жаш кыздар-балдарды көрүп, мен өзүмдү, чака толо суу көтөрүп жарышкан, классташым Алтынайды, атаандашып, таарынганда айлап сүйлөшпөй калчу Нурмираны, Бегайды, индия бийин бийлеген Динараны, агамды сүйүп, күндө мага жагынган Оляны, чачымды оңдоп берем деп кыркып салган Сүйүндү, үйү мектепке меникинен жакыныраак болсо да, мага келип, бетимди жууганда суу куюп берип, анан кийингенче күтүп, сабакка кошо алып барган Чынара досумду издейм. Алар көрүнбөйт. Көрсө, муун алмашып, биздин кыздар башка айылга күйөөгө тийип, алардын ордун башка айылдан биздин айылдын уулдарына турмушка чыккан ак жоолук келиндер ээлеп калыптыр. Классташтарым жана биздин айылдын чаңын кубалап ойногон Тазагүл, Таттыгүл, Алтынай, көрсө, биз ойногон жердин ээси башкалар болуп калыптыр.
Телевизору жок үй
Филология факультетинин студенттери кыргыз адабиятын казып, кыргыз жазуучуларынын бардык чыгармаларын тереңдетип окуйбуз. ЖОЖго келсем, окуй турган чыгармалардын баарын окуп бүткөн болуп көпкө чейин зеригип жүрдүм. Азыр китеп окуюн десем, ар кандай шылтоо көп, эмнеге мурдагыдай окуй албайм деп таңгалам. Көрсө, маалымат алууга булак көп экен. Компьютер, телефон, радио, айылда телевизор жок үй жокко эсе. Ал кезде биздин үйдө толтура китеп, бирок телевизор магнитофон дегендер жок болчу. Китеп дегенди талашып окучубуз. Атам окуяны кубалап окубай, маанисин түшүнүп окугула дечу. Окулган китептер түгөнүп бара жатканда жаңылап койчу. Туулган күнгө белекке берилген китеп ошол адамдын менчиги эле. Уруксатсыз алсаң, таяк жейт элең.
Бир күнү кошунабыздын кызы Гүлбурак күйөөгө тийип калды. Мени да чакырышыптыр, кирсем, күйөө баланын досторунан бирөө мени сурап калды. Кошунасы болом деп сыр бербей отурсам, сураштырып атып, "Аа, жанагы китеп көтөрүп, кой кайтарган Карымшак акенин студент кызы сенсиңби" деп такып калды. Өзүмдү аябай уят болдум деп акырын чыгып, качып кетип калгам тойду таштап…
Акмак кылган агайым. Сонун тарбия
Мен окуган гимназияда Каныбек Эшматов агай директор эле. "Таштанды ыргытпабаганды үйрөнгүлө. Эгерде таптакыр эле болбой баратса, анда "мен акмакмын" деп туруп таштагыла, анан канча жолу акмак болгонуңарды кечинде санайсыңар", — дечү.
…Университетке тапшырганы келип, агам экөөбүз шаарда баратабыз. Жеген балмуздактын кагазын таштайын десем, чака жок. Агам шаштырып жатат. Анан "мен акмакмын" деп таштандыны көчө боюна таштадым.
"Эмне дедиң?" деп агам аябай таңгалды. Агайымдын айтканын күбүрөдүм, күнөөлүүдөй болуп. Санжар агам каткырып күлдү. Кийин 20 чакты студент жашаган турбазага ошол тартипти киргизди. Ошондон кийин мен күндө эшик шыпыргандан кутулдум. Депутат болгонумда да таштанды ыргытпоого байланыштуу мыйзам жазгам. Азыр да кокус таштанды таштасам, "мен акмакмын" деген сөз автоматтык түрдө оозумдан чыгып кетет.
Зирегим
Эх-ххх, Зымырат эне
Апам менен атам бир эле көчөдөн. Ошондо биздин көчөнүн жарымы тага журтум, жарымы аваларым. Апам качан болбосун туугандары ооруп калабы, конок келип калабы кечинде барып кабар алып келе калчу. Ага мени ээрчитип барып жүрүп үйрөтүп койгон. Аралыгы эки чакырым. 3-класста окуп жатканымда таежем уулдуу болуп, ымыркайды уйдун сүтүн берип бакчу. Кечки саанда бир банка сүттү көтөрүп, жаңы төрөгөн бөбөккө жеткирүү менин милдетим. Кээде кечки тамактан да куюп бере калат. Аны көтөрүп алып зымырап жетип барып, кайра энтигип келип калчумун. Атам анткенибизди билбейт. Билсе, өлтүрөт…
Эмне болсо да, бар болгула менин айылдаштарым. Бардыгыңарга жакшылык каалайм!
Силерди урматтап, кызыңар Ыргал Кадыралиева.