00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Окуучулардын комага түшүшүнө себепкер мас айдоочуну ата-энелер кечирди...

Жазылуу
Ата-эненин мындай кадамга барышына айыпталуучу тарап алардан кечирим сурап, бардык моралдык жана материалдык чыгымдарын толтуруп бергени себеп болду.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкектин Бакаев жана Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен унаа койдуруп кеткен окуучу бардардын ата-энеси айыпталуучуга доосу жок экенин билдирген арыз жазып беришти. Бул тууралуу бүгүн соттолуучу Мирлан Ажыбековдун үстүнөн болуп жаткан Ленин районундагы соттун кезектеги отурумунда белгилүү болду.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Шарабидин Токтосуновдун айтканына караганда, ата-эненин мындай кадамга барышына айыпталуучу тарап алардан кечирим сурап, бардык моралдык жана материалдык чыгымдарын толтуруп бергени себеп болду.

"Ата-энелер мындай чечимди өз каалоосу менен кабыл алышты. Башында жабырлануучуларга айыпталуучунун жакындары тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болгон экен. Алар укук коргоо органдарына арыз менен кайрылганда, эки үй-бүлөгө тең коргоочу кызматкерлерди бөлүп берген. Алар ушул убакка чейин коргоодо турушат, ошондон бери соттолуучу тараптан каршылык болгон жок", — деди Токтосунов.

Ал кошумчалагандай жабырлануучулардын тосмо арыз жазып бергени кылмыш ишин кыскартып коюуга негиз боло албайт.

Дорожный знак Пешеходный переход - Sputnik Кыргызстан
Таласта кишини койдуруп качып кеткен айдоочу изделүүдө
"Экспертизанын жыйынтыгы боюнча айдоочу мас абалда болгон деген корутунду бар. Мыйзам боюнча эки тарап элдешкен күндө дагы соттук иштер уланат. Бир гана айдоочунун окуя болгон жерден качып кетүү фактылары боюнча жеңилдик бериши мүмкүн", — деди адвокат.

Кезектеги соттук отурум 19-июль күнгө белгиленди.

Жабырлануучу тараптын жактоочусунун билдиргенине караганда, учурда эки окуучунун тең абалы начар деп бааланууда.

Эске салсак, 2017-жылы 21-апрелде Бишкек шаарынан Mercedes Benz автоунаасы Бакаев жана Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен эки окуучуну коюп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырган. Жабыркаган окуучуларды балдардын №3 шаардык тез жардам клиникасына оор абалда алып келишкен. 

Айдоочу бир нече сааттан кийин кармалып, анын мас абалда болгону аныкталган. 

Lexus жөө адамды кагып кеткен ирмемдин видеосу чыкты - Sputnik Кыргызстан
Lexus жөө адамды кагып кеткен ирмемдин видеосу чыкты
Дагы бир белгилей кетчү жагдай, шектелүүчүнү суракка алуу маалында Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаров бул адам мындан эки жыл мурун адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынын күнөөкөрү болушу мүмкүндүгүн айткан.

"Мен аны дароо эле тааныдым. 2015-жылы бул адамды издөөгө катышкам. Анда бир адамды өлтүрө сүзгөн. Бирок каза болгон адамдын туугандары муну кечиришкен. Бул адам насыя алып, өлүмдүн бардык чыгымын көтөрүп берген. Азыр болсо насыядан кутулуш үчүн ошол эле адамдарга иштээри белгилүү болду", — деген анда Майназаров.

Ал эми бүгүнкү сот отурумунда соттолуучу жабырлануучу тараптын жактоочусунун мурда жол кырсыгына катыштыгы бар-жогун сураганда, бир нече жыл мурда жолго чукрап чыккан мас адамды кагып алганы чын экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0