Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жөө адамды унаа сүзүп кеткендеги видеону редакцияга окурман жиберди.
Эске салсак, кырсык 5-июль күнү болжол менен саат 23.30дар чамасында Ысык-Атанын Ново-Покровка айылында болгон.
Маалыматка ылайык, 55 жаштагы кишини Lexus RX300 унаасы коюп кеткен. Машинаны айдап бара жаткан 25 жаштагы кыз кырсык болгон жерден кеткен эмес.
Видеону окурман WhatsApp-каналы арткылуу жөнөттү.
Анда көрүнүп тургандай жолдо өтүп бара жаткан эркек кишини унаа кагат дагы дароо токтоп калат. Андан соң ал жерге күбөлөр чогулуп калат.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдирсеңиз болот.