БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Таласта белгисиз айдоочу 47 жаштагы кишини койдургандан кийин качып кеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядан айтышты.
Жол кырсыгы кечээ болжол менен саат 11лерде Көк-Кашат айылында болгон.
"Кызыл автоунаа башкарган айдоочу кишини койдургандан кийин из жашырган. Ал эми жабырлануучунун мээси чайкалган. Милиция айдоочуну кармоо боюнча атайын операция жарыялады", — деп милициядан билдиришти.
Аталган факты боюнча иликтөө иштери башталды.