БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кечээ Кыргызстанда төрт адам сууга чөгүп каза тапты, алардын экөө балдар деп билдиришти ӨКМдин маалымат кызматынан.
Ысык-Ата районунун аймагындагы Чоң Чүй каналына 15 жаштагы, Ноокен районундагы Шамалды-Сай каналына сегиз жаштагы бала чөгүп кетип, алар кечээ табылган эмес. Министрликтен куткаруучулар бүгүн издөө иштерин уланта тургандыгын кошумчалады.
Ал эми 40-45 жаштагы эркек киши Аламүдүн районунун Ленин айылындагы көлмөгө, Москва районунун Беш-Өрүк айылынын 32 жаштагы жашоочусу айылдагы сууга түшүп кетип каза тапкан. Суучулдар алардын сөөгүн издеп таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.