БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту.
Атамбаев өз сөзүндө Матвиенкого ыраазычылыгын билдирди.
"Сиздин жетекчилигиңиздин алдында федералдык кеңеш Кыргызстанга бардык жагынан жардам берүүдө. Биз ЖМК менен телеберүүлөргө чыкпаган учурларды да билебиз. Сиз биздин кызыкчылыктарды коргоп Кыргызстанга дайыма жардам берип келесиз. Бул үчүн чоң ыраазычылык", — деди Атамбаев.
Ал ошондой эле Мамдуманын депутаттары Ысык-Көлдүн кооздугуна суктанарын да белгиледи.
Белгилей кетсек, Матвиенко Жогорку Кеңештин төрагасынын чакыруусу менен келгенин баса белгиледи. Ал ошондой эле "Шериктештик балдары" аттуу эл аралык маданий-билим берүү форуму уюштурулуп жатканын айтты.
Аталган форум 3-6-июль күндөрү Ысык-Көлдө өтөт.