БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. "ВКонтакте" социалдык тармагындагы миңдеген топтордун администраторлору кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости RT телеканалына шилтеме берип жазды.
Буга социалдык тармакта суицидди үгүттөгөндөрдү жазалоо боюнча мыйзам себепкер болмокчу.
"Россиянын жаш юристтери" деп аталган кыймыл соцтармакта өлүмгө жана өзүнүн жанын кыюуга, руфингди (бийик имараттардын чатырына мыйзамсыз чыгуу) таратууга чакырган топтордун тизмесин түздү. Жаш активисттер бул тизмени Россиянын байланыш тармагындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматына жөнөтмөкчү.
Аталган ведомстводон буга чейин суицидди үгүттөгөн 9000 топ жабылгандыгын кабарлаган.
Аталган мыйзам долбоору балдарды өлүмгө түрткөн топторду түзгөндөрдү алты жылга чейин эркинен ажыратууну карайт. Ал эми ал киши мыйзам бузбай, жаманчылыкка чакырган мындай топтордун бетин ачууга активдүү жардам берсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Документти Федерация кеңеши жактырган, эми ал президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.