БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. 10-11-май күндөрү Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюндарынын жооптуу беттештери болот. Бул тууралуу Чемпиондор Лигасынын расмий сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, Бишкек убактысы боюнча 10-май күнү 00:45те (9-майдан 10нуна караган түнү) "Ювентус" менен "Монако" командалары беттешет.
Эки команданын биринчи оюну 2:0 эсебинде "Ювентустун" пайдасына чечилген.
Ал эми 11-май күнү 00:45те "Атлетико" клубу менен "Реал Мадрид" беттешет. Бул командалардын биринчи оюнунда Роналдунун үч голу "Реалды" жеңишке жеткирип, эсеп 3:0 эсебинде аяктаган.
Белгилей кетсек, "Атлетико" менен "Ювентус" өз талааларында ойношот. Бул беттештердин жыйынтыгы менен Чемпиондор Лигасынын финалисттери аныкталат.