Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кач, дагы келе жатат, кач! Денени дүрүлдөткөн видео

Жазылуу
Арбаңыздар, мекендештер. Жакшы жатып, жай турдуңуздарбы. Эшикте жаз. А көңүлдө эмне экенин... айтсак, алар кечээги ирмемдер...

Күндүн көзү бузулат дешкен эле синоптиктер… Кантсе да кардын каарынан кутулдук окшойт, ал эми жамгырдан жамандык болбосун деп тилеп туралы. 

Кызматтан шыпырылды, жолдор оңолобу? Социалдык тармакка тараган видеодон кийин Транспорт жана жол министрлигиндеги беш чиновник кызматтан алынды. Социалдык тармакка жолдордогу аң-чөнөктөргө суу толгонуна карабай асфальт куюп жаткан видео тараган. Анда жолчулар жакын арада Сооронбай Жээнбеков келе тургандыктан жолду ремонттоп жатканын айткан жерлери кездешет. 

Кач, дагы келе жатат, кач! Денени дүрүлдөткөн видео. Жолоочу Сүлүктү-Исфана жолуна түшкөн жер көчкүнү видеого тартып калыптыр. Жолдун бир жагында жолчулардын техникасы, экинчи тарабында жүргүнчүлөрдүн автоунаалары турган. Кудай сактап, андан эч ким жабыркаган эмес. 

Карыпбеков ыраазылыгын билдирди. Автокырсыктан аман калган КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков кырсыкка кабылган маалда кол сунгандарга ыраазылыгын билдирди. Кырсык каш-кабактын ортосунда экендигин айткан Илим "айдоочуларга айтаарым — өзүңөргө ишенген күндө да этият болуп, сак болуңуздар. Анткени сиз бардык жол эрежесин билген учурда да кырсык болом десе ал бат эле экен", — деп жазды. 

Сактансаң, сактайм. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өзгөндүн бир аймагындагы жашоочуларды өз учурунда көчүрүп кетип, аларды ажалдан сактап калганга үлгүрдү. ӨКМ кызматкерлери жер көчкүнүн кечирээк түшкөнүнө өх-хх… десе керек. 

Документи жок калгандар кантет? Үч миңге чукул кыргызстандык 1994-жылкы паспортун ID-картага алмаштырууга үлгүрбөй калышты. Эми эмне болот? Бул жерден кененирээк таанышыңыз

© AP Photo / Steve HelberШоу русалок в Вирджинии-Бич
Шоу русалок в Вирджинии-Бич - Sputnik Кыргызстан
Шоу русалок в Вирджинии-Бич

Обу жок аял орсок уй саайт. Бул сүрөт түрмөктөрүн барактап отуруп, кээ бирлерин көргөндө ушундай ойго жетеленесиң….Жарым жылаңач сулуулардан автомат кармаган аскерлерге чейинки сүрөттөргө бул жерден назар салсаңыз болот

Кудайдын кулагы сүйүнсүн! Кыргызстандын калкынын жалпы саны 2017-жылдын башына карата 6 миллион 140 миң 200 адам болду. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитет кабарлады.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.31 (сатып алуу) жана 68.56 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.70 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет

Иш аптаңыздар ийгиликтүү улансын, бурадалар! Урматым менен, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0