Статком: Кыргызстандын калкынын саны 6 млн. 140 миңден ашты

Жазылуу
Статистикалык маалымат боюнча 2-орунда өзбек (14,6 пайыз), 3-орунда орус улутундагылар (5,8) турат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын калкынын жалпы саны 2017-жылдын башына карата 6 миллион 140 миң 200 адам болду. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитети кабарлады.

Улуттук курам боюнча алсак, кыргыздардын саны 4 492 667 адам экени белгилүү болуп, 73,2 пайызды түздү.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын көп балалуу аймактары. Рейтинг
Кийинки орунда өзбек (14,6 пайыз), 3-орунда орус (5,8) улутундагылар турат. Ал эми эң аз пайыз менен (0,1) немис улутундагылар көрсөтүлгөн.

Тизменин акыркы графасында латыш улутундагы кыргызстандыктар көрсөтүлүп, алардын саны учурда 77 экени жазылган.

Статкомдун улуттар курамы боюнча тизмесинде кыргыздарды кошкондо 23 улуттун саны көрсөтүлгөн. Ал эми 43799 адам башка улуттар деген графа менен берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0