https://sputnik.kg/20260530/1101610436.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Окуучулар менен студенттерди баңгизатка милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин токтом долбоорунда бул демилге өспүрүмдөр жана жаштар... 30.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-30T15:00+0600
2026-05-30T15:00+0600
2026-05-30T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1e/1101610270_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9310e388d61882816a0f5d370b3a6a6d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Окуучулар менен студенттерди баңгизатка милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин токтом долбоорунда бул демилге өспүрүмдөр жана жаштар арасында баңгизат колдонгондор көбөйүп жаткандыктан көтөрүлгөнү белгиленди. Долбоорго ылайык, 9-11-класстын окуучулары окуу жылында үч жолу баңгизат жана психотроптук затка анализ тапшырууга тийиш болот. Ал эми жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери окууга тиешелүү маалымкаттарды көрсөтүшү керек. Депутаттар Улан Сариев менен Максат Алымбеков бул системаны 1-сентябрдан тартып этап-этабы менен Бишкек жана Ош шаарларында киргизүүнү сунушташууда.
Агартуу министрлигинин сыйлыктары алгач ирет санариптик система аркылуу ыйгарылды "Акыркы коңгуроо" иш-чарасынын алкагында 105 педагог Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктарына татыды. Министрликтин маалыматына ылайык, алардын 52си Ардак грамота менен сыйланса, 53 мугалимге "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси ыйгарылды. Ведомстволук сыйлыктар биринчи жолу толугу менен АИС "Мугалим" системасындагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө тандалып берилди. Электрондук сыйлыктар мугалимдердин өздүк кабинеттеринде QR-код аркылуу жеткиликтүү болуп, электрондук портфолиого автоматтык түрдө киргизилет. Сыйлыктар педагогдордун кесипкөйлүгүн, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кошкон салымын жана окуучулардын жетишкендиктериндеги эмгегин баалоо максатында ыйгарылды.
Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жаратылышты жана биоресурстарды коргоо максатында рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө жайыттарды бузган жарандар аныкталып, аларга мыйзам чегинде чара көрүлдү. Ошондой эле Кызыл китепке кирген бүркүттү коммерциялык сүрөткө тартуу үчүн пайдаланган 3 жаранга карата административдик протоколдор түзүлдү. Мындан тышкары, эндуро айдоочуларына жайыттарды сактоо жана белгиленген маршруттардан чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай рейддер мындан ары да улантыларын билдирди.
Россия менен Кытай Ормуз кысыгынан өтүүдө өзгөчө шартка ээ болот. Бул тууралуу Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин жетекчиси Эбрахим Азизи РИА Новостиге билдирди. "Россия менен Кытай башында турган стратегиялык маанидеги мамлекеттер мындан ары да Ормуз кысыгына байланыштуу маселеде артыкчылыкка ээ болушат", — деди ал. Маектеш Москва менен Пекин Тегеранды дайым колдоп, кызматташып, оор учурда жанында болуп келгенин белгилеген. Мындан улам, Азизинин айтымында, эки мамлекет өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Парламентарий бул соода кемелерине да, танкерлерге да тийиштүү экенин кошумчалады. "Ормуз биз үчүн чоң геосаясий мааниге ээ. Кысык географиябыздын бир бөлүгү, андыктан Иран ал боюнча туура деп эсептеген каалаган чечимин кабыл алууга укуктуу. Бул укуктан эч ким күмөн санай албайт", — деди комитет жетекчиси. Ормуз кысыгы — дүйнөлүк мунай соодасынын маанилүү багыттарынын бири. Тегеран АКШ менен Израилдин кол салуусунан кийин аны бөгөттөп салган. Натыйжада мамлекеттердин көбүндө күйүүчү май менен өнөр жай продукциясы кымбаттап жатат. Кысыкты ачуу — АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон макулдашуунун кызуу талкууланып жаткан бөлүгү.
Окуучулар менен студенттерди баңгизатка милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин токтом долбоорунда бул демилге өспүрүмдөр жана жаштар арасында баңгизат колдонгондор көбөйүп жаткандыктан көтөрүлгөнү белгиленди. Долбоорго ылайык, 9-11-класстын окуучулары окуу жылында үч жолу баңгизат жана психотроптук затка анализ тапшырууга тийиш болот. Ал эми жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери окууга тиешелүү маалымкаттарды көрсөтүшү керек. Депутаттар Улан Сариев менен Максат Алымбеков бул системаны 1-сентябрдан тартып этап-этабы менен Бишкек жана Ош шаарларында киргизүүнү сунушташууда.Агартуу министрлигинин сыйлыктары алгач ирет санариптик система аркылуу ыйгарылды "Акыркы коңгуроо" иш-чарасынын алкагында 105 педагог Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктарына татыды. Министрликтин маалыматына ылайык, алардын 52си Ардак грамота менен сыйланса, 53 мугалимге "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси ыйгарылды. Ведомстволук сыйлыктар биринчи жолу толугу менен АИС "Мугалим" системасындагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө тандалып берилди. Электрондук сыйлыктар мугалимдердин өздүк кабинеттеринде QR-код аркылуу жеткиликтүү болуп, электрондук портфолиого автоматтык түрдө киргизилет. Сыйлыктар педагогдордун кесипкөйлүгүн, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга кошкон салымын жана окуучулардын жетишкендиктериндеги эмгегин баалоо максатында ыйгарылды. Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жаратылышты жана биоресурстарды коргоо максатында рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө жайыттарды бузган жарандар аныкталып, аларга мыйзам чегинде чара көрүлдү. Ошондой эле Кызыл китепке кирген бүркүттү коммерциялык сүрөткө тартуу үчүн пайдаланган 3 жаранга карата административдик протоколдор түзүлдү. Мындан тышкары, эндуро айдоочуларына жайыттарды сактоо жана белгиленген маршруттардан чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай рейддер мындан ары да улантыларын билдирди. Россия менен Кытай Ормуз кысыгынан өтүүдө өзгөчө шартка ээ болот. Бул тууралуу Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин жетекчиси Эбрахим Азизи РИА Новостиге билдирди. "Россия менен Кытай башында турган стратегиялык маанидеги мамлекеттер мындан ары да Ормуз кысыгына байланыштуу маселеде артыкчылыкка ээ болушат", — деди ал. Маектеш Москва менен Пекин Тегеранды дайым колдоп, кызматташып, оор учурда жанында болуп келгенин белгилеген. Мындан улам, Азизинин айтымында, эки мамлекет өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Парламентарий бул соода кемелерине да, танкерлерге да тийиштүү экенин кошумчалады. "Ормуз биз үчүн чоң геосаясий мааниге ээ. Кысык географиябыздын бир бөлүгү, андыктан Иран ал боюнча туура деп эсептеген каалаган чечимин кабыл алууга укуктуу. Бул укуктан эч ким күмөн санай албайт", — деди комитет жетекчиси. Ормуз кысыгы — дүйнөлүк мунай соодасынын маанилүү багыттарынын бири. Тегеран АКШ менен Израилдин кол салуусунан кийин аны бөгөттөп салган. Натыйжада мамлекеттердин көбүндө күйүүчү май менен өнөр жай продукциясы кымбаттап жатат. Кысыкты ачуу — АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлүшү мүмкүн болгон макулдашуунун кызуу талкууланып жаткан бөлүгү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1e/1101610270_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1bbae3b4a86b9ac9192a7ed485dc36cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио