Шейшембиге карата аба ырайы. Күндүн көзү бузулат

© Sputnik / Табылды КадырбековШаар тургундары жаан учурунда. Архив
Шаар тургундары жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Эртең, 11-апрелден тарта төрт күн бою Кыргызстандын аймагында жаан жаай турганын Кыргызгизромет билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Отключение отопления в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жылуулук берүү эртең өчүрүлөт
11-апрелде күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бишкекте 20…22 градус жылуу болсо, Ош шаарында күндүн табы 23…25 градуска чейин көтөрүлөт. Чүй менен Талас облустарында 18…23 градус жылуу болот. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында абанын температурасы 20…25 градуска жетсе, Ысык-Көл менен Нарында 11…16 градус жылуу болушу күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0