https://sputnik.kg/20260530/1101608876.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда виртуалдык активдер жана блокчейн технологиясы боюнча улуттук агенттик түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордо"... 30.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-30T13:00+0600
2026-05-30T13:00+0600
2026-05-30T13:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1e/1101608710_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a7671b5b8f9af20e1b15bf57caa3034d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда виртуалдык активдер жана блокчейн технологиясы боюнча улуттук агенттик түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордо" кабарлады. Документке ылайык, ал президентке караштуу болуп, жетекчисин өлкө башчы дайындайт. Агенттикке Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын бир катар ыйгарым укуктары өткөрүп берилет. Анын ичинде лицензиялар, уруксат берүүчү документтер, виртуалдык активдердин мамлекеттик реестри жана санариптик активдердин жүгүртүлүшүнө байланыштуу маалыматтар камтылат. Министрлер кабинетине үч ай ичинде өзүнүн чечимдерин жарлыкка ылайык келтирүү жана бардык каралган чараларды ишке ашыруу тапшырылды.
Кениянын футбол боюнча курама командасы Бишкекте өтө турган беттешке Эбола вирусуна байланыштуу келе албай калды Ал жакта вирус күч алып, аба каттамдары үзгүлтүккө учуроодо. Кыргызстан — Кения беттеши июнда өтүшү керек эле. Эми кыргызстандык футболчулар Палестинанын курамасы менен эки оюнга чыгат (6 жана 9-июнь). Беттешке билет алгандар 1-июндан 3-июнга чейин операторго кайрылып, акчасын кайтарып алса болот.
3–8-июнь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында спорттук күрөш боюнча “Open Ulaanbaatar” эл аралык рейтингдик мелдеши өтөт. Анда Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалары күч сынашат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалары катышат. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы: 60 кг чейин — Акыл Сулайманов; 63 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков; 72 кг чейин — Амантур Исмаилов, Жантөрө Мырзалиев, Аманат Самат уулу; 77 кг чейин — Бекзат Орункул уулу; 82 кг чейин — Имур Темирбеков; 87 кг чейин — Азат Салидинов. Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев; Башкы машыктыруучу — Улук Карачолоков. Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы: 61 кг чейин — Өмүрбек Асан уулу; 70 кг чейин — Аден Сакыбаев, Рустам Кахаров; 79 кг чейин — Бекзат Рахимов; 86 кг чейин — Малик Шаваев. Улук машыктыруучу — Догдурбек уулу Эламан.
Ормуз кысыгы бөгөттөлүп мунайдын дүйнөлүк кору азайып жаткандыктан, суроо-талап күчөгөн жай мезгилинде нефтинин тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Мындай билдирүүнү Эл аралык энергетика агенттиги, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана Дүйнөлүк соода уюму жасаганын РИА Новости жазды. "Эгер кеме кыймылы калыбына келбесе Түндүк жарым шарында күйүүчү май коопсуздугуна жана рынок конъюктурасына коркунуч жаратлып, жалпы экономика солгундайт", — деп айтылат кайрылууда. АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү Иран боюнча акыркы чечим кабыл аларын билдирген. Анын айтымында, тараптар азырынча атом жана Ормуз кысыгын ачуу боюнча бир пикирге келише элек, калган маселелер чечилген. Ирандын айланасындагы кырдаалдын курчушу Перс булуңундагы өлкөлөрдөн дүйнөлүк рынокко мунай менен суюлтулган газ жеткирчү маанилүү маршрут болгон Ормуз кысыгынын жабылышын шарттады. Бул өз кезегинде региондогу мамлекеттердин мунай казуусуна жана экспортко терс таасирин тийгизди. Кысыктын бөгөттөлүшүнөн улам мамлекеттердин көбүндө күйүүчү май менен өнөр жай продукциясына баа өсүп жатат.
Кыргызстанда виртуалдык активдер жана блокчейн технологиясы боюнча улуттук агенттик түзүлдү. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун "Ынтымак ордо" кабарлады. Документке ылайык, ал президентке караштуу болуп, жетекчисин өлкө башчы дайындайт. Агенттикке Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын бир катар ыйгарым укуктары өткөрүп берилет. Анын ичинде лицензиялар, уруксат берүүчү документтер, виртуалдык активдердин мамлекеттик реестри жана санариптик активдердин жүгүртүлүшүнө байланыштуу маалыматтар камтылат. Министрлер кабинетине үч ай ичинде өзүнүн чечимдерин жарлыкка ылайык келтирүү жана бардык каралган чараларды ишке ашыруу тапшырылды.Кениянын футбол боюнча курама командасы Бишкекте өтө турган беттешке Эбола вирусуна байланыштуу келе албай калды Ал жакта вирус күч алып, аба каттамдары үзгүлтүккө учуроодо. Кыргызстан — Кения беттеши июнда өтүшү керек эле. Эми кыргызстандык футболчулар Палестинанын курамасы менен эки оюнга чыгат (6 жана 9-июнь). Беттешке билет алгандар 1-июндан 3-июнга чейин операторго кайрылып, акчасын кайтарып алса болот. 3–8-июнь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында спорттук күрөш боюнча “Open Ulaanbaatar” эл аралык рейтингдик мелдеши өтөт. Анда Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалары күч сынашат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалары катышат. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы: 60 кг чейин — Акыл Сулайманов; 63 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков; 72 кг чейин — Амантур Исмаилов, Жантөрө Мырзалиев, Аманат Самат уулу; 77 кг чейин — Бекзат Орункул уулу; 82 кг чейин — Имур Темирбеков; 87 кг чейин — Азат Салидинов. Улук машыктыруучу — Арсен Эралиев; Башкы машыктыруучу — Улук Карачолоков. Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын курамы: 61 кг чейин — Өмүрбек Асан уулу; 70 кг чейин — Аден Сакыбаев, Рустам Кахаров; 79 кг чейин — Бекзат Рахимов; 86 кг чейин — Малик Шаваев. Улук машыктыруучу — Догдурбек уулу Эламан.Ормуз кысыгы бөгөттөлүп мунайдын дүйнөлүк кору азайып жаткандыктан, суроо-талап күчөгөн жай мезгилинде нефтинин тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Мындай билдирүүнү Эл аралык энергетика агенттиги, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк жана Дүйнөлүк соода уюму жасаганын РИА Новости жазды. "Эгер кеме кыймылы калыбына келбесе Түндүк жарым шарында күйүүчү май коопсуздугуна жана рынок конъюктурасына коркунуч жаратлып, жалпы экономика солгундайт", — деп айтылат кайрылууда. АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү Иран боюнча акыркы чечим кабыл аларын билдирген. Анын айтымында, тараптар азырынча атом жана Ормуз кысыгын ачуу боюнча бир пикирге келише элек, калган маселелер чечилген. Ирандын айланасындагы кырдаалдын курчушу Перс булуңундагы өлкөлөрдөн дүйнөлүк рынокко мунай менен суюлтулган газ жеткирчү маанилүү маршрут болгон Ормуз кысыгынын жабылышын шарттады. Бул өз кезегинде региондогу мамлекеттердин мунай казуусуна жана экспортко терс таасирин тийгизди. Кысыктын бөгөттөлүшүнөн улам мамлекеттердин көбүндө күйүүчү май менен өнөр жай продукциясына баа өсүп жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1e/1101608710_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_69f39d73412ebe3ace630880da9c7d09.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио