Интернетке чыккан видеодон улам Транспорт министрлигинен 5 киши иштен алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Facebook группы Элита Сатирасы. Дорожный работник асфальтируют трассу, несмотря на лужи в ямах
Снимок с социальной сети Facebook группы Элита Сатирасы. Дорожный работник асфальтируют трассу, несмотря на лужи в ямах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басарына сөгүш жарыялоо сунушталып, Жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевге жана эки кызматкерге эскертүү берилди.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Социалдык тармакка тараган видеодон кийин Транспорт жана жол министрлигиндеги беш чиновник кызматтан алынды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармакка жолдордогу аң-чөнөктөргө суу толгонуна карабай асфальт куюп жаткан видео тараган. Анда жолчулар жакын арада Сооронбай Жээнбеков келе тургандыктан жолду ремонттоп жатканын айткан жерлерди кездешет.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөлөрдө жолдогу аң-чөнөктөрдү оңдоодо колдонулган ыкмалар
Жогорудагы жагдайдан улам комиссия түзүлүп, Бишкек — Күнтуу — Шопоков унаа жолун ремонттоп жаткандарды текшерген. Анын жыйынтыгы менен бир нече талаптарды бузган беш жетекчи — Кубанычбек Аманов, Амангелди Молдоболотов, Куштарбек Аманов, Шабдан Иманкулов, Жумаш Содомбаевдер иштен алынды.

Мындан сырткары, министрдин орун басары Азимкан Жусубалиевге сөгүш жарыялоо сунушталып, Жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевге жана эки кызматкерге эскертүү берилди.

Министрлик активисттерге ыраазычылык билдирип, жол оңдоо учурунда одоно мыйзам бузуу болсо мындан ары кабарлап турууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0