БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому телекоммуникациялык жабдууларды сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аталган ишкана керектүү жабдууларды алуу үчүн (медиаконвертерлор менен концентраттар) 1 миллион 932 миң сом сарптоого даяр.
Тендер 30-мартта жарыяланып, мөөнөтү 6-апрелде аяктайт.