БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун Бишкектеги филиалы пол жууган машина сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аба майдан үч пол жуугуч машинасы үчүн 3 миллион 600 миң сом сарптоого даяр.
Тендер 29-мартта жарыяланып, мөөнөтү 19-апрелде аяктайт.