Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыккан командалардын каршылаштары аныкталды

© AFP / Fabrice COFFRINIКубок Лиги Чемпионов УЕФА
Кубок Лиги Чемпионов УЕФА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европадагы абройлуу турнирдин чейрек финалынын оюндары апрелден тарта башталат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ньон шаарында (Швейцария) өткөн чучукулак кармоонун жыйынтыгында Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыккан командалардын атаандаштары аныкталды.

Чейрек финалга сегиз команда чыккан. Алар — "Реал Мадрид", "Ювентус", "Атлетико", "Барселона", "Лестер Сити", "Бавария", "Монако" жана "Боруссия Дортмунд".

Ошентип командалардын каршылаштары төмөндөгүдөй болду:

  • "Атлетико" (Испания) — "Лестер Сити" (Англия);
  • "Боруссия Дортмунд" (Германия) — "Монако" (Франция");
  • "Бавария" (Германия) — "Реал Мадрид" (Испания);
  • "Ювентус" (Италия) — "Барса" (Испания).

Чейрек финалдык оюндар апрелден тарта башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0