БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Швейцариянын тургуну машинасына аукциондон 158 миң долларга номер сатып алганын Local порталы жазып чыкты.
Valais: La plaque «VS 1» est la plus chère de Suisse — C'est un record pour une plaque d'immatriculation. Les e… https://t.co/6Ztx2MMf1G
— Actualités Suisse (@SuisseSUI) 14 марта 2017 г.
Бийлик өкүлдөрү аукциондо сатылган мамлекеттик номер мынчалык кымбатка сатылат деп эч күткөн эмес. Бул сумма машинанын номери үчүн өлкө тарыхында төлөнгөн эң көп каражат болуп саналат.
VS 1 номери 15-февралда аукционго коюлган. Аны сатып алууга 17 киши катышып, акыры Matrans деген лакап ат менен катталган киши жеңүүчү деп табылган.
Буга чейин SG 1 номери 133 миң долларга сатылып, эң кымбат номер болуп калды.