"Болбойт" рубрикасынын кезектеги санында илгертен ата-бабадан сакталып калган кийим-кечеге карата айтылган тыюулар белгиленип, алардын мааниси түшүндүрүлдү.
Баш кийимди сатпайт, тебелебейт, ыргытпайт, теппейт жана жоготпойт. Кыргыздарда баш кийимди жоготуу жаман жышаан катары эсептелген.
Бут кийимди көмкөрөсүнөн таштабайт. Көмкөрөсүнөн коюлуп калса ээсине жаман иш түшөт деп айтылып калган.
Бут кийимди төргө же жогору жакка койбойт. Душманың көтөрүлөт деген ишеним болгон.
Шымды башына коюп жатпайт. Кечинде жатарда баш кийимди, үстүңкү кийимди төшөгүнүн баш жагына, байпак, шымдарын ылдый жакка коюй керектелет.
Баш кийимди тетири каратып кийбейт. Ишиң жүрүшпөй калат деп саналган.
Эркек баш кийими менен үй-бүлө мүчөлөрүн (аялын, балдарын) чаппайт. Баш кийимдин анты болот деген түшүнүк жашаган.
Камыр ачытканда үстүн үй ээсинин кийими менен жаппайт. Камыр ачытканда анын үстүн төшөк же атайын жапкычтар менен жабуу керек.
Кыз киши белдемчи тагынбайт. Ал — турмушка чыккан аял затынын кийими болгон. Белдемчи — аялдардын белден ылдый тартынуучу кийими. Ал жазда, күздө, айрыкча, кышта тагылат.
Бирөөнүн кийимин жуумайынча кийбейт. Аны сөзсүз жууп кийиш керек, алган адамдын илешкен жаман нерселери жугат деген ишеним болгон.
Кийимди кийип турган учурда топчу кадабайт, айрылган жерин тикпейт. Бул биринчиден, ыңгайсыз болсо, экинчиден, өз бактысын бууп коет деп саналган.