Кайын журту менен бирге жашабайт. Күйөө баланын кайнатасынын үйүндө жашоосу уят жорук катары саналып, ага "күч күйөө" деген намыска тийчү сөздөр айтылган.
Кайнатасынын үйүнө түз бастырып кирген эмес. Күйөө бала ала турган колуктусунун калыңы эчак төлөнүп бүтүп, кызды алып кетүүгө келгенде да кайнатасынын короосуна чейин кирип келип, мамыга атын байлаган эмес. Буга байланыштуу жоош, уяттуу, адептүү адамды жаңы келген күйөөдөй деп сыпаттаган мүнөздөмөлөр айтылат.
Кайната, кайненесинин, өзүнөн улуу кайындарынын жүзүнө тике карабайт. Колуктусун алып кетүүгө келгенде күйөө жолдоштор менен келип, кайната, кайненесинин, кыздан жашы улуу туугандарынын алдында башын жерге салып, үнүн катуу чыгарбай, ыйбаа менен таазим кылган. Мындай күйөө каадасы колуктусу менен чогуу жашап, бала-чакалуу болуп, кайын журту менен мамыр-жумур аралашып кеткенден кийин деле сакталып кала берген.
Сый үстүндө отуруп албай кызмат дагы кылышы керек. Күйөө бала кайын журтуна барганда сый көрүп эле отуруп калбай, өз эрки менен сыртка чыгып, улуулардын колунан иш алып кызмат кылуусу зарыл. Бул анын тарбиясынан кабар берип, кайын журтуна болгон сый мамилесин айгинелейт.