00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

БШК көчкөнү жатат. IT-адистин көз карашы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүДата-центр IT-парка в Казани
Дата-центр IT-парка в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боршайком башка имаратка көчүүгө кам көрүп жатат. Техникалык жактан кандай көйгөйлөр чыгышы мүмкүндүгүн IT-адис айтып берди.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бир аз мурда Борбордук шайлоо комитети Жогорку соттун имаратынан "Айыл Банктын" имаратына көчөөрү айтылган. Бүгүн бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине БШКнын маалымат кызматынан ырасташты.

Анда айтылгандай, БШК 20-мартта дарегин алмаштырат.

"Алдын ала маалыматтар боюнча штатты кеңейтүү жана шарттарды жакшыртуу максатында "Айыл банк" жайгашкан имаратка көчүү пландалып жатат. Учурда БШК Жогорку соттун имаратында жайгашкан. Эми имарат соттун өзүнө керек болуп жатыптыр", — деп БШК маалымат кызматынан кабарлашты.

Коомчулукта алдыда келе жаткан президенттик шайлоого карата БШКдагы серверлер бекем сакталышы керектиги, буга байланыштуу азырынча көчүүгө мүмкүн эместигин айткандар болбой койгон жок.

Ал эми БШКнын маалымат кызматы көчүү шайлоого эч кандай таасир тийгизбей турганын билдирди.

"Бул жерде бир гана борбордук серверди көчүрүү убакытты талап кылышы мүмкүн. Калган жагынан эч маселе жаралбайт", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

БШК сыяктуу мамлекеттик ири мекемелердин маалыматтары топтолгон борбордук серверди көчүрүү техникалык жактан канчалык татаал жана канча убакыт талап кыларын билүү үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги IT-адис Михаил Дудинге кайрылды.

Жасалма бөйрөк аппаратындагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда эртең гемодиализ борбору ачылат
"Бизде БШКнын борбордук сервери тууралуу маалымат жок. Ошондуктан мен болжолдуу ошол сыяктуу мекеменин сервери тууралуу айта берейин. Борбордук сервер өзүнчө бөлмөдө жайгашат. Ага интернет, электр энергиясы киргизилип, техника ысып кетпеши үчүн кондиционер коюлат. Мындан тышкары, ал жерде үзгүлтүксүз энергия болушу үчүн сыртта генератор орнотулат", — деди IT-адис.

Анын айтымына караганда, серверди башка жакка көчүрүү үчүн атайын адистер чакырылып, техниканы орното турган жер толугу менен даяр болушу керек. 

"Жеткирилген жабдууларды кайра тууралап чыгышка бир канча ай талап кылынышы мүмкүн, ал техниканын өзүнөн көз каранды. Бул техникалык гана жагы. Ал эми биздеги мамлекеттик органдардагы бюрократиялык жагдайларды эске алганда, иш мындан дагы көпкө созулуп кетиши мүмкүн. Анткени мамлекеттик маанидеги мекемени көчүрүүдө керектүү документке бир адамдын колу коюлбай калса, иш токтоп калышы мүмүн", — деди Дудин.

Ал ошондой эле борбордук серверди көчүрүүдө биринчи орунда маалымат коопсуздугу тургандыктан, өзгөчө кылдаттуулук керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0