БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Балыкчы шаарына курулган гемодиализ борбору эртең ачыла турганын Ысык-Көл облусунун жетекчисинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, иш-чара саат 15.00дө башталат.
"Аталган борбордун курулуш иштери менен медициналык жабдыктарын алууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү ишкер-меценат Мирлан Исагалиев көтөрдү. Ал эми Балыкчы шаарынын мэриясы тарабынан борборду курууга атайын жер тилкеси бөлүнүп берилген", — деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү ишкер аталган борборго 10 миллион сом жумшаган.