Ашырбаев: уурдалган каражат эмнеге бекем сакталбаганы иликтенип жатат
Учурда шектүү жарандарды издөө үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев аймактык кабарчыга билдирди.
"Окуя 21-январдан 22-январга караган түнү болгон. Ууру маданият үйүнүн чатырынан кириптир. Бул акча мечиттерден жана жашоочулардан чогулган. Азыр ошол каражаттын канчасы акчалай, канчасы буюм иретинде топтолгону, эмне себептен аны уурдап кетүүгө оңой шартта сакталганы иликтенип жатат", — деди Ашырбаев.
Эскерте кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонкогдон Стамбулду көздөй келе жаткан Boeing-747 учагы "Манас" аэропортуна май куюу үчүн токтомок болгон Дача айылына кулап, кырсыктан 39 кишинин өмүрү кыйылган.