Учак кырсыгынан кийин денеси күйүп ооруканага түшкөн жаран каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтап 16-январда саат 9:45тер чамасында ооруканага оор абалда жеткирилген.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. 16-январда Дача айылына кулап түшкөн учактын кесепетинен денеси 3-4-даражада күйүп калган Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна келип түшкөн 29 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылана жүк ташыган Boeing-747 учагы кулап түшүп, 38 адамдын өмүрүн алган.

Маалыматка ылайык, денеси күйгөн жаран 16-январда саат 9:45тер чамасында ооруканага оор абалда жеткирилген. Көрүлгөн бардык аракеттерге карабай 21-январда саат 12.30да каза болгон. Бейтап жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан.

Дача айылындагы жашоо турмуш тууралуу Sputink Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0