БКШнын жумушчу тобу шайлоодо утулган Абдылдаевдин арызын канааттандырган жок

Жазылуу
Шаар мэрлигине болгон шайлоодо утулуп калган Нурдин Абдылдаев шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арыз менен БКШга кайрылган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бүгүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Бишкек мэрлигиндеги шайлоодон утулуп калган талапкердин арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу жумушчу топтун жетекчиси Алмаз Асаналиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Жуманын ортосунда өткөн мэр шайлоодо "Өнүгүү—Прогресс" фракциясынын талапкер болгон Нурдин Абдылдаев шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу арызы менен БШКга кайрылган. Анын айтымында, шайлоо процесси бир катар мыйзам бузуулар менен ишке ашкан. 

"Бир дагы доомат боюнча фактылар табылган жок. Видеоматериалдарды карап чыкканыбызда бардык бюллетендер элге көрсөтүлгөн, эч кандай катар номерлер коюлбаганы далилденди. Бул айыптоолорду биздин системаны каралоо катары караса болот", — деди Асаналиев.

Жумушчу топтун жетекчисинин билдиргенине караганда, бул маселе жакында БШКнын жыйынында каралат.

Окуянын чоо-жайы

"Өнүгүү—Прогресс" партиясынын катчылыгы Абдылдаев шайлоо бүткөндөн кийин бюллетендердин бетинде "макул" деген сөздөн башка дагы "белгилер" болгонун байкаганын билдирген. 

Абдылдаевдин айтымында, бюллетендерде калем менен чекит коюлуп, айрымдары чиймеленип калган. Ал бюллетендер жарактан чыгып калган деп эсептейт.

"Добуштарды саноо маалында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү бюллетень номуру менен берген добушун үнүн чыгарып окуган. Айрым бюллетендерде эки талапкерге тең "макул" жеп жазылган. Мындай бюллетендер жараксыз деп табылышы керек эле. Бирок комиссия мүчөлөрү ал бюллетендерди жарактуу деп таап, мыйзамга каршы иш кылышты", — деди Абдылдаев. 

Мэр города Бишкек Албек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ибраимов: коомдук транспорт көйгөйүн троллейбус, автобус алуу менен чечсе болот
Ошондой эле ал талапкерлерге өз программасы менен тааныштырууга жана депутаттардын суроо берүү укугунан ажыратканына нааразы болгон.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Абдылдаев арыз менен туура эмес органга кайрылганын билдирди. 

Анын айтымында, утулуп калган талапкер алгач Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышы керек эле. Маматов ошондой эле бардык айыптоолорду да четке какты. 

"Депутаттар добуш берип туруп, бюллетенди дароо бүктөп жатышкан, кургаганга жетишпеген сыя баракка жугуп калат да. Бюллетенге эмне себептен белги коюлушу мүмкүн экендигин такыр түшүнбөйм. Катар номерлер дагы коюлган эмес, аны баары эле көрүштү. Ал жакта канча камера иштеп жатканын бардыгыңар көрдүңөр", — деди төрага. 

Ошондой эле төрага шайлоо комиссиясы шаардык кеңештин регламентине баш ийбей тургандыгын билдирди. 

"Эгер Абдылдаев сөз сүйлөгүсү же программасын тааныштыргысы келсе мага келиши керек эле, өзү ошол жерде отурду го. Анан сыртка чыгып алып сүйлөгөнүнө кандай баа берүүгө болот? Бул менимче элдин көңүлүн бурдуруу үчүн эле жазган арыз болуп калды", — деди Маматов.

Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бакыт Төрөбаев: Бишкек шаарынын мэрин шайлоо тарыхта калышы керек эле
Бишкек мэрин шайлоо өтүп бараткан жуманын шаршемби күнү болгон. 

Анда мээрдин милдетин аткаруучу Албек Ибраимов менен "Өнүгүү—Прогресс" фракциясынын талапкери Нурдин Абдылдаев талапкерлигин коюшкан. 

Ибраимовдун пайдасына — 29, Абдылдаевге — 12 адам добуш берген. Эки депутат эки талапкерге тең каршы чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0