БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү магнитудасы 6,5ге жеткен жер титирөөдөн кийин адистер Римдеги тарыхый имараттарды текшерип жаткандыгын РИА Новости жазып чыкты.
Геофизика жана вулканология улуттук институтунун маалыматына караганда жер силкинүү Италияда саат 7.41 (Кыргызстан убактысы боюнча 12.41) чамасында катталган. Анын чок ортосу Норча шаарына жакын жерге туура келген. 20 мүнөттүн ичинде магнитудасы 4,6 жана 4,1ге жеткен дагы эки силкинүү болгон.
Corrier della Sera басылмасындагы маалыматка караганда, Римдеги эң белгилүү Ыйык Павел чиркөөсүнүн дубалдары менен төбөсүндө жаракалар пайда болгон. Учурда текшерүү иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу чиркөө убактылуу жабылды. Мындан башка Ыйык Лаврентий чиркөөсүнүн шыбактары түшүп калганы айтылат.
Мындай көрүнүштөргө байланыштуу адистер Римдеги археологиялык зонаны толук текшерүүгө өтүштү.