Кыргызстандык 7 жашар гимнаст кыз РФтеги мелдеште алтынга татыды

© Фото / Аида ДжумашалиеваЮная гимнастка из Кыргызстана Эдель Касенова
Юная гимнастка из Кыргызстана Эдель Касенова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнир Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн. Ага РФтин башка шаарларынан да катышуучулар келген.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргызстандык жаш гимнаст Эдел Касенова Санкт-Петербургда өткөн эл аралык мелдеште алтын утуп алды. Бул тууралуу анын апасы Аида Жумашалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Открытый чемпионат по тяжелой атлетике в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
КР штангисттери Японияда өтчү Азия чемпионатына катышат
Жети жашар гимнаст кыз обручту кошпогондо көнүгүүлөрдүн жалпы упайы менен ийгиликке жеткен.

Мелдеш 23-24-октябрда Санкт-Петербург шаарында өтүп, ага РФтин башка шаарларынан да катышуучулар келген.

Буга чейин Касенова Кытайда көркөм гимнастика боюнча өткөн Zhong ling Beijing cup 2016 мелдешинде эки алтын медалга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0