БИШКЕК, 6-окт. —Sputnik. КР курама командасы оюн талаасына ак форма кийипчыгарын Футбол федерациясы билдирди.
Кыргызстан менен Ливандын курама командалары бүгүн саат 20.30 да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет. Билеттин баасы 200 сомдон 500 сомго чейин сатылууда. Бул оюн дүйнө жүзүндөгү үй-бүлөлөргө арналат. Мындай демилгени аталган федерация менен БУУнун Балдар фонду (UNICEF) көтөрүүдө.
Буга чейин КР менен Филиппиндин курама командалары беттешкендеги оюн майып балдарга арналган.
Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын жолдоштук беттешине 29 жаштагы казакстандык калыс Александр Алиев көз салат. Ошондой эле ага 29 жаштагы Сергей Васютин менен Самат Тергеусизов (экөө тең казакстандык) жардам берет.
Эки мамлекеттин курама командалары акыры жолу жети жыл мурда кездешип, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Бул жолу футболчулар үчүнчү ирет беттешип жатат.