00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент кыргыз элин Ош шаарынын күнү менен куттуктады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүОш шаарындагы Сулайман-Тоодогу көрүнүшүн архивдик сүрөтү
Ош шаарындагы Сулайман-Тоодогу көрүнүшүн архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл сайын 5-октябрда Кыргызстан түштүк калаа Ош шаарынын күнү деп белгиленип келет.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды үч кылымдан ашуун тарыхы бар Ош шаарынын күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө "Ош" дегендин өзү эле ыйык менен бийиктик, ырыскы менен береке деген сөзгө уйкаш экенин айтып, тарыхый-археологиялык изилдөөлөр Оштун Борбор Азияда эле эмес, дүйнөдөгү байыркы шаарлардын бири экенин айныгыс далилдегенине токтолгон. 

"Кезинде Улуу Жибек жолундагы ири борборлордон болгон Ош шаары Жер ортолук деӊиз менен Жакынкы Чыгышты Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган. Байыртан бери Ак-Буура дайрасын бойлото орун алган базарлары менен кербен-сарайлары Оштун келбет-жүзүн аныктап, региондо эң берекелүүлүгү менен таанылган", — деп айтылат куттуктоодо.

Атамбаев Ошту Сулайман-Тоосуз элестетүү мүмкүн эместигин белгилеп, анын тарыхый-этнографиялык музейине материалдык дүйнөнүн таш доорунан тарта азыркы заманга чейинки өнүгүшүн чагылдырган экспонаттар менен таберик буюмдар коюлганын кошумчалады. 

Ордолуу Ош шаарынын күнүмдүк жашоосу тууралуу сүрөт баян
"Азыр Ош шаары Кыргызстандагы экинчи ири өндүрүштүк, соода, саясий, маданий жана илимий борбор болуп саналат. Түштүк калаабыздын адамдары өзгөчө мээнеткечтиги жана меймандостугу менен айырмаланат. Ошого жараша Ош шаарынын келбети күн сайын жаңырып, тургундарынын жашоосу жакшыруу үстүндө. Азия континентин кыдырууга чыккан миӊдеген туристтердин Ошко келип кетүүсү салтка айланууда", — деп айтылат президенттин сөзүндө.

Өлкө башчы соңку жарым кылымда Ош бир нече жолу ири солкулдоолорду башынан өткөргөнүнө токтолуп, анын ар бир жолкусунда Оштун эстүү, акылман калкы өз колу менен өрттү басып келгенин белгилейт. 

"Мындан алты жыл мурдагы кандуу окуя Оштун гана эмес, бүт Кыргызстандын элине сабак болду. Ар бир адам тынчтык менен ынтымактын баасын сезди. Бул жетишилген тынчтыкты ар бирибиз өз шаарыбызда, айылыбызда, көчөбүздө сактоого жана бекемдөөгө тийишпиз", — деп айтылат куттуктоодо.

Сөзүнүн соңунда президент касиеттүү шаардын тургундарына чыӊ ден-соолук, бакубаттык, жергеге тынчтык, береке каалады.

Эскерте кетсек, мындан 16 жыл мурун Оштун 3000 жылдыгы белгиленген.

Ош шаарынын тарыхый сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0