Кыргызстан — Ливан беттешүүсүнө билеттер 200-500 сомдон сатылат

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол беттешиндеги күйөрмандарын архивдик сүрөтү
Футбол беттешиндеги күйөрмандарын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билеттер 30-сентябрдан тарта сатыкка чыгарылат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Ливан футболчуларынын ортосундагы жолдоштук беттешүүгө билеттер 200 сомдон 500 сомго чейин боло турганын Футбол федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, оюн 6-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20.30да башталат.

Билеттер сатыкка 30-сентябрдан тарта сатыкка чыгарылат. Аларды күн сайын стадиондун кассасынан саат 11.00дөн 20.00гө чейин сатып алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0